Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Аяктап бара жаткан 2011-жылы евроаймактын айрым өлкөлөрүндө карыз кризиси тереңдегенин эске алганда, чет элдик резервдик валютага айланып калган евронун тагдыры көптөрдүн көңүл борборунда турат.

Жыл соңуна барып, Евробиримдиктин лидерлери бирдиктүү акчага инвесторлордун ишенимин чыңдоону максат кылган жаңы планды кабыл алууга жетишти. Бирок ал план эле еврону сактап кала алабы? Европанын бирдиктүү акчасын 2012-жылы эмне күтөт?

Байкоочулар алдыдагы 2012-жыл карыз жана ишеним кризиси менен күрөшүп жаткан евроаймак үчүн тагдыр чечер болорун белгилешүүдө. Еврону сактап калуу максатында Франция менен Германия сунуш кылган план европалык биримдиктин духун жаңы баскычка көтөрөт же ал улуттук деңгээлдеги кыжың-кужуңдан чыга албай кыйрайт.


Жалгыз үмүт жаңы келишимдеби?


Европанын жогорудагы эки багыттын бири менен ары же бери кетиши 2012-жылдын март айына барып өкмөттөр аралык келишим катары даярдалуусу керек болгон жаңы пландын ийгилик табарына, же оңунан чыкпай ойрон болушуна көз каранды өңдөнөт.

Башкача айтканда, Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки багытын: саясий жана экономикалык жактан дагы көбүрөөк интеграцияланууну улантат же мамлекеттер өз ара атаандашкан жана чатакташкан эски жолойго түшөт.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Чарльз Рекнагел жазгандай, бул албетте жагымсыз жана оор баа болушу мүмкүн. Бирок евронун кризиси үч жыл улангандан кийин Европа лидерлери күн тартибинде эмне турганыны маанисин төмөндөткөн жок.

Еврону сактап калуу үчүн декабрдын башында жаңы план сунуш кылынгандан бери Европа лиделери аны окшош акча жүгүртүлгөн 17 өлкө эле эмес, Биримдиктин бүткүл 27 өлкөсү алга жылуучу жалгыз жол катары мүнөздөшүүдө.

Жакында Европарламентте сүйлөгөн учурунда Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо мындай деген:

- Бул он жети кошуу келишими эмес, бул жыйырма жети кемитүү келишими. Мүчө өлкөлөрдүн өкмөт жана мамлекет башчылары Европанын интеграциясын каржылык жактан туруктуу биримдикти көздөй жылдырууга даяр экенин көргөздү. Алар кичинекей эмес, чоң Евопаны кааларын көргөзүштү.

Евронун келечеги үмүт артылып жаткан жаңы план инвесторлордун бирдиктүү валютага карата ишенимин калыбына келтирүүгө умтулат. Бирок бул үчүн кирешеси менен чыгашасын тең салмактай албаган өлкөлөрдү үнөмдүү болууга гана чакырбастан, эсеп-чотту иретке салбагандарга санкция киргизүүнү да карайт. Иш жүзүндө бул евроаймакты сактоо үчүн биримдиктин өлкөлөрү каржы маселесине келгенде улуттук суверенитетин Брюсселге өткөрүп берет дегенди билдирет.


Үнөмдөө "үйдөн чыгарууда"


Бирок Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү, атап айтканда Британия жаңы планды колдобогону да белгилүү. Бир катар өкмөттөр планды өз өлкөлөрүндө калктын жактыруусуз эле колдогонун эске алганда, али алдыда чоң тобокелчиликтер жок эмес. Лондондогу “Легатум” институтунун экономисти Далибор Рогач төмөнкү жагдайларды белгилейт:

- Менимче, эң эле чоң көйгөй – Европанын перифериясындагы өлкөлөрдүн бул планга ишенимдүү түрдө көнүшү. Греция, Италия, Португалия сындуу өлкөлөргө каржы тармагын тартипке салышы абдан эле кыйынга турду. Бул бир эсе социалдык чыгымдардын абдан эле көптүгүнөн, экономикалык өсүш үчүн чыгымдардын айынан болду. Андыктан эгер ушул өлкөлөрдүн өкмөттөрү калкты үнөмчүлдүккө мажбурлоого жогорудагы келишим аркылуу аракеттенсе, бюджетти көзөмөлдөөгө келгенде каржылык суверенитеттен баш тартары анык болсо, бул калктын нааразылыгына алып келиши мүмкүн. Мындай нааразылык маселен Грециядан азыр эле көрүнүүдө.

Улуттук сезимге чок таштай алуусу мүмкүн болгон нааразылыктын бир себеби – келишим көпчүлүк тарабынан эски континенттин көйгөйлөрүн чечүү үчүн немистер тарабынан киргизген стратегия катары каралганында.

Өкмөттүн үнөмдөө чаралары Евробиримдиктин үчүнчү ири экономикасы -Италияда да жумушчулар менен кызматкерлерди көчөгө чыгарды. Рим, 12-декабрь.

Өкмөттүн үнөмдөө чаралары Евробиримдиктин үчүнчү ири экономикасы -Италияда да жумушчулар менен кызматкерлерди көчөгө чыгарды. Рим, 12-декабрь.

Евроаймакты сактоочу корго каражаттын көбүн төгүүгө туура келген Германиянын өзүндө да карызга батып алган өлкөлөргө акча берүүнүн улам жаңы механизмдерине каршы нааразылык чоң.

Немистердин формуласы боюнча перифериялык делген өлкөлөр бир топ үнөмдөөгө баруусу керек. Ал эми Евробиримдиктин кыймылдаткыч күчү катары саналган Германия өзүнүн экспорттук кубатын экономиканы өстүрүү жана евронун саламаттыгын чыңоо үчүн колдонот. Бирок Лондондогу “Легатум” институтунун экономисти Далибор Рогачтын пикиринде, бул модель кандай иштеп кетери өзүнчө суроо жараткан маселе:

- Перифериядагы өлкөлөр атаандаштыгын жоготот, ошол эле учурда Германия дүйнөлүк экономика жана Европанын калган бөлүгүнүн экономикасы төмөндөп кетпесе гана экспортту ишке ашыра алат. Бирок иш жүзүндө экспорт үчүн жай анчалык көп эмес. Андыктан мен муну чындап иштеп кетүүчү модель катары карай албайм.

Германия Борбордук банкынын жыл соңундагы божомолуна караганда, карыз кризисинен улам немец экономикасы 2012-жылы 0,6%га гана өсөт, 2011-жылдын толук жыйынтыгы боюнча өсүш 3% болот деп күтүлүүдө.

Еврону бирдиктүү валюта катары сактайт деген жаңы келишим боюнча аны пайдаланган гана эмес, пайдалана элек өлкөлөрдө да күмөн саноо бар.

Чехияда маселен, премьер-министр Петр Нечас ал жеке өзү биримдиктин ар бир мүчөсү карызга баткан мамлекеттерди куткаруу боюнча 200 миллиард евродон турган корго каражат төгүүсү керек деген чакырыкка макул эместигин айтса, Польшада өкмөттүн бекем колдоосуна карабай Евробиримдик менен интеграцияны тереңдетүүгө каршы миңдеген адам көчөгө чыкканга чейин барды.

Ушунун баарын, байкоочулар баамында, алдыдагы кыйынчылыктардын баштапкы белгиси катары кароого болот.


Евроскептиктердин олуялыгы


Евро жүгүртүүгө чыгарылардан көп эмес мурун, 1997- жылы евроскептиктер, маселен Гарвард университетинде иштеген белгилүү америкалык экономист Мартин Фельдштейн валюта саясий жана каржылык союзсуз ийгилик табарынан күмөн санаган.

Экономист Мартин Фельдштейн кезинде башка нерсе боюнча да олуячылык кылган экен. Ал Европа бирдиктүү акчасын колдоо үчүн улам көбүрөөк интеграциялана берсе, бул балким чыңалуунун күчөшүнө жана жаңжалдарга да алып келерин эскерткен.

Айтор жыл соңунда макулдашылган жаңы келишим кубаты тайган евронун саламаттыгын чыңдайбы, же каржылык биримдикти көздөй жаңы багыт чыңалууну күчөтөбү, муну алдыдагы саналуу ай көрсөтчүдөй.

Эгер жаңы келишим еврону сактай албай калса, демилгечи Германия өзүнчө кетеби же кайра жаңы сунуш менен чыгабы, бул белгисиз. Бирок көптөрдүн ишениминде, Германия жана башка байыраак өлкөлөр бирдиктүү акчаны колдонгон мамлекеттер саны азайган, бирок каржылык координация жогорку деңгээлге коюлган чакан топту түзүүгө даяр. Окуялардын мындай өнүгүшү еврозона чачырады дегенди билдирмек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG