Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Дүйнө лидерлери каржы рыногун жоошутуу аракетинде


5-августта дүйнөлүк фондулук рыноктордогу соодада компаниялар триллиондогон каражаттарын жоготушту.
5-августта дүйнөлүк фондулук рыноктордогу соодада компаниялар триллиондогон каражаттарын жоготушту.

АКШнын карыздарды төлөө рейтинги төмөндөгөндөн кийин дүйнө лидерлери инвесторлордун санаасын тынчытууга далбас урууда.

Дүйнөлүк лидерлер компаниялардын көңүлүн жайгаруу аракетин өткөн аптадагы ызы-чуудан кийин башташкан.

5-августта дүйнөлүк фондулук рыноктордогу соодада компаниялар триллиондогон каражаттарын жоготушту. Ушундан кийин рейтинг жасоочу "Standard&Poor’s" агенттиги АКШны узак мөөнөттүү карыз төлөө боюнча рейтингин мурдагы ААА ченеминен АА+ рейтингине түшүрүп койду. Бул АКШнын 70 жылдан берки эң жогорку кредит рейтинги төмөндөгөн алгачкы тарыхый учур болду.

Эл аралык агенттиктин башкаруучусу Жон Чэмберс рейтингди кайра калыбына келтирүүгө бир жарым жылга чейин убакыт кетиши мүмкүн экенин белгиледи. Ал ошондой эле эгер АКШда саясий пикир келишпестик уланып, каржылык абал начарлай берсе рейтинг дагы төмөндөшү мүмкүн деди.

Ага жараша божомол реалдуулукка айланып кетсе, каржылык кризис жайылып кетиши мүмкүн деген чочулоо пайда болду.

Экономисттер менен финансисттерди Евроаймактагы өлкөлөрдүн ичинен айрыкча бюджет таңсыктыгы менен белгилүү Италия менен Испаниядагы каржылык туруктуулук тынчсыздандырууда.

Мына ушундай жагдайда "жетиликке" жана "жыйырмалыкка" кирген дүйнө мамлекеттеринин каржы министрлери менен улуттук банктардын дүйнөлүк каржы рыногун турукташтыруу, экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөрүн билдирип чыгышкан. Мындай демилге деле жагдайга таасир эте албай турат.

Тимоти Гейтнер
Европа Борбордук банкынын облигацияларды сатып алуулар жөнүндөгү жарыя да рынокту турукташтыра алган жок. Акыркы маалыматтарга караганда, рыноктун индекси кайрадан өсүп кетти.

Бул аралыкта Вашингтондо Каржы министри Тимоти Гейтнер АКШнын карыз төлөө жөндөмдүүлүгүн азайткан S&P агенттигинин чечимин сындады:

- S&P чынында эле орунсуз талдоо, начар чечим чыгарышты. Муну менен алар АКШнын каржылык негизги бюджети боюнча билими жоктугун көрсөтүштү жана менимче туура эмес тыянак болду.

АКШда тышкы карыздын лимитин жогорулатуу аракеттери башталгандан тарта эле Гейтнерди кызматтан кетирүү маселеси республикачылар тарабынан көтөрүлүп, ага жараша отставкага кетүү ыктымалдыгы айтылып жаткан. Бирок Гейтнер иштен кетпестигин, анын мындай чечими президент Барак Обаманын колдоосуна татыганын Ак үйдүн өкүлү Жей Кэрни мурдараак билдирген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG