Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

2013-жылы өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн өнүккөн өлкөлөргө барып иштегендер өз мекенине 401 миллиард доллар акча салышкан. Бул сан миграциядан түшкөн кирешенин расмий гана бөлүгү.

Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматына караганда, 2012-жылы дүйнөнүн ар кыл бурчунда жашап, иштеп жүргөн эмгек мигранттары жакындарына 529 миллиард доллар жиберген. Бул сумма 2013-жылы 401 миллиард доллар болду.

Албетте бул сумма расмий катталган булактар аркылуу гана жиберилген акча. Ал эми Бириккен улуттар уюмунун Көчмөндөр комитети глобалдык эмгек көчмөндөрүнүн чыныгы кирешеси мындан 50 пайызга жогору экенин белгилейт.

Миграция айрыкча өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жашаган элдин турмушуна оң таасир тийгизгени менен бүтүндөй бир мамлекеттин келечеги үчүн олуттуу кыйынчылык жаратуучу фактор дешет Швециянын илимпоздору.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, 2010-жылы эл аралык деӊгээлде иштеп жүргөн мигранттардын саны 215 миллион киши болсо, 700 миллион киши ички миграция менен өз өлкөсүндө эле журт которуп иштеп жатат.

Өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы өзүнө келип иштей турган чет элдик атуулдун жеке өзгөчөлүгүнө, билим деңгээлине жана талантына карайт. Мисалы, Британияга барып иштеп жаткан эмгек көчмөндөрүнүн 38 пайызы жогорку билимдүү, өз өлкөсүндөгү эӊ мыкты делген адистер деп белгилейт The Work Foundation уюму. Бирок ошол эле мезгилде башка өлкөнүн кара жумушуна барып иштеп, өз элине акча салып, мекениндеги экономикалык стабилдүүлүктү жөнгө салган мигранттар мындай жогорку билимдүүлөрдөн да басымдуу. Алсак, Тажикстандан Орусияга барган 4 миллионго чукул мигранттын дээрлик 90% жогорку билими жок. Ошентсе да Дүйнөлүк банк 90-жылдардагы Тажикстан тушуккан оор экономикалык жана социалдык абалдан Орусияга барып иштеген мирганттар чыгарганын белгилейт.

Миграциянын агымына кабылган кесиптер

Эл аралык деңгээлде жогорку билими менен эң көп талап кылынган кесиптердин тизмеси жыл сайын жаңыланып турганы менен кара күч иши менен журт которгондор да арбын. Мисалы, акыркы он жылдан бери Австралия, Канада, Дания, АКШда эмчи айымдарга талап жогору болууда. Алардын орточо маянасы 55 миң доллардан 58 миң долларга чейин жетет. Бул Австралиядагы орточо айлык акы болгон 44 983 доллардан жогорку көрсөткүч. Ошентсе да Австралия чет элден келчү мигранттарга акыркы мезгилде чектөөлөрдү киргизе баштады. Алар англис тилин билиш керек, билими жогорку болушу шарт деген критерийлер менен тандалып, виза алууда кошумча талаптар арбыды.

Механикалык инженерлерди Британияда көп издешет. Чет элден барып иштеген бул кесиптин ээлеринин алгачкы маянасы 23 миң фунт стерлингден жогору болот. Ошентсе да Британ бийлиги 2010-жылдан тарта эмгек мигранттарына чектөө киргизип, аларга визалык талаптарды катуу коё баштады. Бул өлкөдөгү орточо айлык жылына 44 743 долларды түзөт. Мындан тышкары глобалдык миграцияда эң көп талап кылынган кесиптерге дарыгер, фармацевт, компьютер инженерлиги, тоо-кен инженери, химиктер, аудиолог жана логопеддер, психологдор жана ашпозчулар кирет.

Ал ортодо таланттуу жана жогорку билимдүү адистери чет өлкөгө агылып жаткан жакыр өлкөлөрдө алардын жетишпестигинен улам экономикалык кыйынчылыктар пайда болушу ыктымал экенин адистер ырасташууда. Мисалы, азыркы тапта Америкада иштеп жаткан африкалык илимпоздордун саны Африкадагы окумуштуулардан алда канча жогору.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча Замбияда бир жыл мурда 1600 врач иштесе, быйыл алардын саны 400гө түшкөн. Мындай тартыштык 1997-жылдан бери Африка экономикасына 9 миллиард доллардык зыян алып келген.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG