Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

IMF: тизмеде эки талапкер калды


Эл аралык валюта корунун жетекчилигине талапкерлердин тизмесинде Франциянын талапкери Кристин Лагард менен Мексикадан Агустин Карстенс калды. АКШда "аял зордуктаган" деген айып менен кармашып жаткан Доминик Стросс-Кандын ордуна жаңы жетекчи ушул айдын аягына чейин аныкталышы керек.

Эл аралык валюта корунун соңку билдирүүсүнө ылайык, кордун жаңы жетекчилигине талаптангандардан Франциянын каржы министри Кристин Лагард менен Мексиканын Борбордук Банкынын төрагасы Агустин Карстенс калды.

Финансылык кыйынчылыкка туш келген өлкөлөргө карыз берүүчү Валюта корунун билдирүүсүндө бул экөө менен эми кордун 24 кишиден турган аткаруучу кеңеши аңгемелеше тургандыгы айтылат.

Кыргызстан да көп карыз алып келаткан Валюта корунун жаңы жетекчиси 30-июнга чейин аныкталышы керек.

Бул кызматтан кордун мурдагы башчысы Доминик Стросс-Кан Нью-Йорктун мейманканасында бөлмө тазалаган аялга сексуалдык чабуул жасаган деген айыптоо менен кармалгандан кийин, 18-майда чегинген.

Доминик Стросс-Кан
Франциянын социалист саясатчысы, келерки жылдагы президенттик шайлоодогу башкы талапкерлердин бири деп саналган Стросс-Кан өзүнө тагылган айыптоолорду четке каккан.

Стросс-Кандын Валюта корундагы кызмат ордуна башкы талапкер деп анын мекендеши Кристин Лагарддын ысмы көбүрөөк аталууда.

55 жаштагы министр, мурда эл аралык Бейкер жана МакКензи адвокатурасынын мурдагы аткаруучу директору болгон Лагард айымды Европа биримдиги колдоп жатат. Бул тизмеге акыркы күндөрү Египет, Индонезия жана бир катар Африкалык өлкөлөр кошулду.

Греция, Ирландия, Португалия сыяктуу карызга өлкөлөр жардамга муктаж болгон евро-аймакта Валюта кору олуттуу роль ойногондуктан, Брюсселде кордун жетекчилиги европалык өкүлдүн колунда калыш керек деп эсептешет.

Бирок Лагард өзү да азыр кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Анын жаңжалдагы ролун иликтөө, иликтебөөнү Францияда сот 8-июлга калтырды. Бирок ага чейин Валюта корунда директордун маселеси чечилип калмакчы.

Экинчи талапкер, 53 жаштагы Карстенс Мексиканын мурдагы каржы министри, 2003-2006-жылдары Валюта корунун аткаруучу директорунун орун басары болгон. Агустин Карстенсти ондон ашык латын америкалык өлкө колдоп жатат.

Вашингтондогу талкууда 13-июнда сүйлөгөн сөзүндө Карстенс жеңип алам деп ашкере үмүт артпаганын бышыктады:

- Мен өзүмдү өзүм алдаган жокмун. Бул атаандаштык 5-0 эсебине келип калганда оюнга киришкен сыяктуу эле нерсе болуп жатат.

Валюта корун адатта европалык, ал эми ага шериктеш Дүйнөлүк банкты америкалык жетектейт.

Өнүгүп келаткан өлкөлөр мындай эрежеге көптөн бери нааразы болуп келатышат, бирок Валюта корунун жетекчиси үчүн талашта алар ынтымакташып, бир талапкерди колдой алышкан жок.

Дүйнөдөгү таасири улам өсүп келаткан БРИК өлкөлөрү – Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай кимдин таламын талашаары тууралуу ооз ачышкан жок. АКШ, Жапония, Түштүк Американын экономикалык дөө-шаасы саналган Аргентина да үн ката элек.

Кордун билдирүүсүндө талапкердигин акыркы мүнөттө жарыялаган Израил банкынын төрагасы Стэнли Фишердин аты эскерилген да жок. Дагы эки талапкер: түштүк африкалык министр жана Казакстандын борбордук банкынын жетекчиси Григорий Марченко Кристин Лагард жеңе турган болуп калды деп, атаандаштыктан мурда эле баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG