Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

2015-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болуп калды. Ал эми келерки жыл быйылкыдан да ысык болушу мүмкүн. Дүйнөлүк Метеорология уюму мындай бүтүмүн климат боюнча Париждеги саммитти утурлай жарыялады. Саммитте дүйнө өлкөлөрү булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча жаңы эл аралык келишимди макулдашат деген үмүт бар.

Быйыл январь жана октябрь аралыгындагы эсептер абанын температурасы 1961 - 1990-жылдардагы орточо көрсөткүчү - 14 Цельсий градустан эми 0,73 Цельсий градуска, ал эми индустриалдык доорго чейинки, 1880-1899 жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 1 Цельсий градуска жогорулаганын көргөзүүдө.

Метеорология дүйнөлүк уюму бул сандарды “символикалык жана маанилүү бурулуш, бирок планета үчүн жаман жаңылык" деп мүнөздөөдө. Аталган уюмдун башчысы Мишел Жарро (Michel Jarraud) Женевадагы басма сөз жыйында:

- Тилекке каршы, жаңылык жакшы эмес. Быйылкы 2015-жыл бир нече себептерден улам тарыхый болуп калат. Алардын бири, мен саналуу апта мурда айткандарыбызды кайталайм, биз булганыч газдардын: көмүр -кычкыл газы, метан, нитро оксиддин, башкалардын концентрациясы боюнча азыркыга чейинки рекорддордон аштык. Экинчи жагынан, биз азыр 2015-жыл эң ысык жыл болот деп ишенимдүү жарыялай алабыз.

Метеорологдор менен экологдор жаратылыштын дүйнөдөгү эң ири мухит - Тынч океан үстүнө жылуу суу көтөрүлүп, ал Эквадорду бойлой Американы көздөй тарап, ага катар Жер планетасынын башка көптөгөн аймактардагы климатка таасир берген көрүнүшүн Эль-Ниньо (El Nino) деп атап коюшат.

Адистер быйыл январь менен октябрдын ортосунда дал ушул Эль-Ниньо көрүнүшү эң кубаттуу баскычка чыкты деп ойлошууда.

Мындан улам Метеорология боюнча дүйнөлүк уюмдун башчысы Мишел Жарронун болжолунда, кийинки жыл да ысык болушу күтүлөт:

- Келерки жыл да кайра эле ысык болчудай. Анткени, Эль-Ниньонун таасири төрт, беш, алты айга чейин уланып, кийинки жылдагы температурага да салым кошот.

2015-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болду деген жарыя климат боюнча Париждеги саммит башталар чакта жарыя кылынды.

Эки Цельсийден ашырбоо

Непалдагы Эверест тоосу. Глобалдык жылуулук мөңгүлөрдүн жукарышына алып барууда.

Непалдагы Эверест тоосу. Глобалдык жылуулук мөңгүлөрдүн жукарышына алып барууда.

Келерки аптада башталуучу саммитке дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсү, анын ичинде 130тай өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчылары катышат деп күтүлүүдө.

Саммитте булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартууну караган жаңы эл аралык келишимдин шарттары макулдашылуусу керек.

Анын максаты - Жер планетасында аба температурасынын ысышын индустриалдык доорго чейинки орто көрсөткүч деңгээлинен 2 Цельсий градустан ашырбоо.

БУУнун Париж саммитинин аткаруучу катчысы Кристин Фигерас (Christiana Figueres) мындай дейт:

- Эгер күтүлүп жаткан улуттук салымдар толук ишке ашса, биз 2100-жылга карата аба температурасынын жогорулоосу 3 Цельсийден ылдый болот деп көздөп жатабыз. Энергия боюнча эл аралык агенттик муну 2,7 Цельсий деп эсептөөдө. Бул жакшы жаңылык жана биз туура багытта кетип жатканыбызды билдирет. Эң маанилүү алгачкы кадам жасалды. Биз температуранын өсүшүн өкмөттөр мерчемдеген 2 Цельсий градустан төмөн түшүрүүнү көздөй жылуудабыз.

Адистердин айтымында, абанын ысышына жол бербөө булганыч газдардын бөлүнүшүн азайтуу, бул өз кезегинде өндүрүштү кыскартуу жана энергиянын калыбына келип туруучу түрүн пайдаланууну көбөйтүү дегенди туюндурат.

Булганыч абадан коргонгон кытайлыктар. Бээжин, 15-январь, 2015-жыл.

Булганыч абадан коргонгон кытайлыктар. Бээжин, 15-январь, 2015-жыл.

Буга чейин негизги оюнчулардан Евробиримдик булганыч газдардын бөлүнүшүн 2030-жылга карата 1990-жылкы деңгээлден 40%, АКШ 2025-жылга карата 2005-жылкы деңгээлден 26-28% кыскартарын жарыялашса, Кытай өлкөсүндө бөлүнгөн булганыч газдардын көлөмү эң жогорку чекке 2030-жылы чыгарын гана ачык айткан. Демек, ушул мезгилден тарта анын өсүшү токтотулушу керек.

Өзү дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы: АКШ менен Кытайдын үлүшүнө өндүрүштөн бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын 45% туура келет. Дүйнөдө Кытай абанын биринчи, АКШ экинчи булгоочу өлкөсү катары саналат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG