Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

EU: Кремлге ыктаган оңчулдардын ооматы


Европарламентке шайлоонун жыйынтыгы көрсөтүлүүдө. Белгия. 2009-жыл.
Европарламентке шайлоонун жыйынтыгы көрсөтүлүүдө. Белгия. 2009-жыл.

Европада 22-25-майда өтө турган шайлоодо Москваны колдогон партиялар жеңиши ыктымал. 28 өлкөнүн шайлоочулары Европарламенттин 751 депутатын тандоого тийиш.

Сурамжылоолорго караганда, добуш берүүчүлөр финансылык кризистен баштап глобализацияга чейинки проблемалар үчүн негизги партияларды күнөөлөп, аларды жазалайт деп күтүлүүдө. VoteWatch Europe борбору 2009-жылга салыштырганда бул ирет майда оңчул жана солчул партиялар көбүрөөк добуш алат деп божомолдойт.

Аналитиктер муну Москва үчүн жакшы жышаана катары баалашат. Оңчул партиялар негизги саясий партияларга караганда Орусияга жакшыраак мамилеси менен айырмаланышат. Айрымдары президент Путиндин Евробиримдик жана АКШга турумун жактырышыса, башкалары кумсалар, иммиграция, экономика жаатындагы саясатына суктанышат.

Кремл менен европалык ашынган оңчулдар ортосундагы финансылык байланыштарды далилдеген фактылар жок болгону менен, айрым байкоочулар Кремл алардын колдоосуна ээ болууга аракеттенүүдө деп ырасташат. Франциянын Улуттук фронтунун төрайымы Марин Лен Пен быйыл Орусияда эки жолу болуп, өлкөнүн, анын саясатынын дарегине бир топ жылуу сөз айтканы бар.

Австриянын "Эркиндик" жана Венгриянын "Йоббик" партиялары март айында Крымдагы талаштуу референдумга өз байкоочуларын жиберип, Европа биримдиги аны мыйзамсыз деп тааныган чакта, добуш берүүнүн жүрүшүн мактаган. Италия оңчулдарынын башын бириктирген Лега Норд партиясы жакында Украинадагы окуяларга альтернативалуу көз караштар менен таанышуу үчүн деп Европарламенттеги иш-чарага путинчил адамдарды чакырган.

Венгриялык аналитик Питер Креко мындай саясаттын арты Еврошаркеттин өлкөлөрү үчүн өкүнүчтүү болушу мүмкүн дейт.

- Мындай жакындашуудан эки тарап үчүн тең артыкчылык бар деп ойлойм. Европада кеңейип келаткан радикалдуу блок Орусияга пайда алып келиши ыктымал. Себеби, орусиячыл жана Орусиянын кызыкчылыгын башкаларга жайылткан блок болот. Ал эми ашынган оңчулдар кубаттуу өнөктөш менен достошуудан утушат. Бул партиялардын кээ бирлери өз өлкөлөрүндө обочодо болуп келген, андыктан аларды улуттук жана европалык сахнада арткы ролдордо калтырууга жол бербей турган шерикке, албетте, кубанышат.

Бирок ошол ашынган оңчулдар парламентте ашынган солчулдар сыңары өз саясий тобун түзүп же түзө албасы да суроо жаратууда.

Ачык Европа изилдөө институтунун өкүлү Питер Клептин пикиринде, ультра-оңчулдарды колдогондор көбөйүп жатканын көргөн ири партиялар алардын саясий процесстерге таасиринин алдын алуу үчүн биригиши мүмкүн:

- Бул жараяндан майда партиялар акчалай пайда табышы ыктымал. Негизи, Европарламентте бирикмелерди түзүүгө аракеттенген бардык депутаттарды финансы маселеси кызыктырат.


Бирок майда партиялар маанилүү чечимдерди кабыл алууга таасир эте алышпайт. Эмне дегенде, басымдуу көпчүлүк алар менен иштешүүдөн баш тартышат.

Саясий топторго Европарламенттен грант берилет. Ашынган оңчулдар жана солчулдарга чоңдугуна жараша 1 миллиондон көп евро тийиши мүмкүн. Бул акча, кээ бир байкоочулар белгилегендей, Кремлге Евробиримдиктин чордонунда платформа түзүп берүүгө коротулушу ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG