Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Рио+20 жакырчылыкка уруш ачат


Рио-де-Жанейродогу саммит маалында түпкүлүктүү калктын өкүлдөрү атайын иш-чараларды өткөрүштү.
Рио-де-Жанейродогу саммит маалында түпкүлүктүү калктын өкүлдөрү атайын иш-чараларды өткөрүштү.

Рио-де-Жанейродо дүйнөнү туруктуу өнүктүрүүгө арналган эл аралык саммит өтүүдө. Глобалдык экологиялык саясатты илгерилетүүнүн жолдору талкууда.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 19-июнда жыйындын ачылышында сүйлөп, жаратылышка зыян келтирбей элдин жашоосун жакшыртуу үчүн улуттук өкмөттөр конкреттүү чара кабыл алышы зарыл экенин баса белгиледи.

Бразилиядагы бул жыйын “Рио+20” деп аталат. Себеби, Рио-де-Жанейродо жыйырма жыл мурда болгон “Жер саммитин” туштап өткөрүлүүдө жана ошол алгачкы жыйын өнөр жайы иштеп чыккан зыяндуу газдарды-исти абага бөлүүнү чектеген Киото келишимин кабыл алганга өбөлгө түзгөн.

Рио-де-Жанейродогу азыркы конференция Улуттар Уюмунун жетеги астында өтүүдө. Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун ачылыш сөзүндө дүйнө лидерлерин бүгүнкү табигый байлыктар тез азайып бараткан шартта туруктуу глобалдык өнүгүүгө
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун "Rio+20" саммити ачылгандан кийинки маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун "Rio+20" саммити ачылгандан кийинки маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
салым кошууга чакырды:

-Риодо дүйнө лидерлери адамдарды жакырчылыктан чыгарчу, ыкчам жана тегиз өсүүнү камсыздоочу туруктуу өсүүнү колдоорун ачык шарданалоого тийиш жана планетанын чектелүү байлыктарын сарамжалдуу пайдалануусу абзел. Биз ушундай болочокту каалайбыз жана мындай өзгөрүүгө муктажбыз. Биздин бул көз карашты турмушка ашыруу биздин Риодогу милдетибиз.

Риодогу конференцияга Франциянын президенти, Кытай жана Орусиянын премьер-министрлери баш болгон көптөгөн мамлекеттердин жетекчилери катышууда. Бирок АКШ жана Германия сыяктуу ири өлкөлөрдүн лидерлери барышкан жок. Анткени алар глобалдык экономикадагы өсүүнүн төмөндөөсү жана Европадагы насыя кризиси менен алек.

Пан Ги Мун өз кайрылуусунда эл аралык коомчулукту эптеп жанын баккан кедейлердин, аялдардын күнүмдүк жашоосун жана жаштардын татыктуу келечегин камсыздоо үчүн аларды жумушка тартуу боюнча конкреттүү иш чара кабыл алууга үндөдү:

-Ишкерлер жана инвесторлор мынабу үч демилгени ишке ашырууга 50 миллиард доллардан ашуун бермек болушту. Элүүдөн ашуун мамлекет өздөрүнүн энергетикалык пландары менен программаларыны өнүктүрүүдө биз менен иштешүүдө; башкалар да колдоп, каражат беришүүдө. Бул демилге бир миллиарддан ашуун адамга энергиянын жаңы түрлөрүн өз жашоосунда пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Конференцияда 190дон ашуун мамлекеттердин дипломаттары макулдашып даярдаган документ кабыл алынары айтылууда. Бирок эколог-адистердин пикиринче, мерчемделген чараларды ишке ашыруунун механизмдери так каралбаган. 49 барактан турган документтин дагы бир чоң кемчилиги - аны ишке ашыруу үчүн улуттук парламенттер жактырышы керек. Ошон үчүн дипломаттар жыйынтыктоочу документ боюнча бир бүтүмгө жетишпеген.

Бразилиядагы конференцияда жыйынтыктоочу документтин кабыл алынуусу чоң ийгилик катары бааланууда. Себеби, климаттын өзгөрүүсү боюнча 2009-жылкы Копенгаген саммити тараптар мунасага келбей калып, жыйынтыксыз бүткөн.

Дүйнөлүк саммитке Кыргызстандан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган делегация катышууда.

XS
SM
MD
LG