Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Шотландия көз карандысыздык боюнча жаңы референдум өткөрүүнү көздөйт


Никола Стуржеон референдумда добуш берүүдө. 23-июнь, 2016-жыл.
Никола Стуржеон референдумда добуш берүүдө. 23-июнь, 2016-жыл.

Көз карандысыздык боюнча экинчи референдум күн тартибине коюлуп, парламент жактыргандан кийин ага даярдык көрүлүүсү керектигин азыр Улуу Британиянын курамындагы Шотландиянын биринчи министри Никола Стуржеон бүгүн Эдинбургдан билдирди.

- Мен Шотландия кечээ кандай добуш бергенине сыймыктанам. Биз заманбаптыгыбызды, ачыктыгыбызды, сыртты көрө билгенибизди көргөздүк. Еврбиримдиктен кеткибиз келбей турганыбызды ачык айттык.

Кечээги референдумда Шотландия калкынын 62% Улуу Британия Евробиримдикте калышын жактаса, 38% гана чыгууну колдогон.

Шотландиянын өзүндө мындан эки жыл мурун, 2014-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык боюнча референдум өтүп, бирок анда бул демилгенин жактоочулары жеңилген. Бирок эми биринчи министр Никола Стуржеондун айтымында, Британиянын биримдиктен кетүү чечими алар үчүн экинчи референдумдун зарылдыгын актап турат. (UE)

XS
SM
MD
LG