Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Британия-ЕБ ажырымы Москваны кубантты


Референдумдан кийин. Лондон, Британия. 24-июнь, 2016-жыл
Референдумдан кийин. Лондон, Британия. 24-июнь, 2016-жыл

Орусия Британиянын Евробиримдиктен чыгышын кубаттоо менен кабыл алды. Өлкөнүн көрүнүктүү саясатчылары, мамлекеттик чиновниктери жана журналисттери британиялыктардын 52 пайызы 23-июндагы референдумда Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш беришкенин Европанын ыдырап баштаганы жана АКШнын таасиринин басаңдашы катары сыпаттады.

“Россия 1” телеканалы Британияда өткөн референдумду “Кичинекей Англиянын” жеңиши, анын жыйынтыгын “Брюссель үчүн коркунучтуу түш” деп атап, Британиянын көз карандысыздыгы партиясынын лидери Найджел Фараждын сыра ичип отуруп, “жөнөкөй адамдардын жеңиши – абийирдүү адамдардын жеңиши” деп сүйлөгөнүн көрсөтүп чыккан.

Орусиялык улутчул саясатчы Владимир Жириновский болсо “айылдык, провинциал, кара жумушчу Британия каржы мафиясы, глобалисттер жана башка ушул сыяктуулар түзгөн союздан чыкты” деп, британиялыктардын добуш берүүсүн “эрдик” катары баалаган.

Ошол эле кезде Британия биримдиктен чыккандан кийин “НАТО, Шенген аймагы, евро урайт” деп божомолдоп, “жашасын рубль жана Орусиянын Европанын демократиялык өлкөлөрү менен байланышы өрчүсүн” деген сүйүнүчүн дагы жашырган эмес.

Ал эми коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов “Британиянын артынан Евробиримдиктен Франция, Италия жана Нидерланды да чыгат” деген божомолун айткан.

Кремлдин пресс-катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен жолугушуп жатып Орусия Евробиримдиктин “өнүккөн, туруктуу жана божомолдуу” экономикасы менен мурункудай эле күчтүү бойдон кала беришине тилектеш экенин билдирип, Кремл учурда Лондон менен Москва ортосундагы мамилени жакшыртууга муктаж экендигин жакын арада түшүнөт деп үмүттөнө турганын билдирген.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Британиянын Евромбиримдиктен чыгышы тууралуу өз оюн ачык айтуудан баш тартып келген. Бирок Путиндин душмандары "Лондон Брюсселди таштаса, Кремлдин каалаганындай болот" деп эскертишкен.

Белгилүү тележурналист Владимир Соловьев Твиттердеги баракчасында “Улуу Британия Евробиримдиктен чыкчудай көрүнүп турат, алар кайрадан эле “Баарына Путин күнөөлүү деген ырын ырдап чыгышат бекен же Евробиримдиктеги учурдагы көйгөйлөрдү анализдей башташабы?” деп жазды.

Москванын мэри Сергей Собянин мурун Кремлди катуу сындап келген Лондон эми 28 мүчөдөн турган соода биримдигинен чыгып жаткандыктан, Орусияга карата Евробиримдиктин санкцияларынын алынышына жакшы шарттар түзүлүп жатканын белгилеген.

“Эми Британиясыз, Евробиримдикте бизге каршы санцияны жактаган эч ким болбойт”, - дейт Москванын мэри.

“Правое дело” партиясынын жетекчиси Борис Титов болсо "Орусия Франция, Германияны жана Европаны Британия менен АКШга каршы бириктириши керек" деген оюн Фейсбукка жарыялаган.

“Менин оюм боюнча мунун акыркы кесепети – Европанын англ-саксондордон чыгышына, башкача айтканда, АКШдан алысташына алып келет. Бул Британиянын Европадан көз карандысыздыгы эмес, бул Европанын АКШдан көз карандысыздыгы”, - деп жазган Борис Титов.

Журналист Игорь Коротченко Британиядагы акыркы окуялар шотландиялыктардын өз алдынча көз карандысыздыкка умтулуу маанайынын кайрадан жандануусуна алып келиши мүмкүн деп тамашалаган. Шотландияда Евробиримдикте калууну каалагандар басымдуу.

Мындай бир тараптуу талкууда бир гана Орусиянын мурунку каржы министри Алексей Кудрин өзүнүн салмактуу ою менен айырмаланган:

“Британиялыктардын Евробиримдиктен чыгышына капа болууга болот. Бирок, каржы рыногунда кыска мөөнөттүү туруксуздук күтүлгөнү менен олуттуу катастрофа болбойт. Евробиримдик кайрадан бутуна турат. Бирок Евробиримдик дагы Британия дагы экономикалык жактан алсыздайт”, - деп пикир бөлүшкөн Кудрин.

Британияда 23-июнда өткөн рефендумда Евробиримдиктен чыгууга калктын 52 пайызы, биримдикте калууга 48 пайызы добуш берген. Ортодогу ажырым 1 миллион 270 миңдей добушту түзгөн.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG