Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Евро-2016: жеңиш жана күтүлбөстүк


Көптөр күткөн кезектеги футбол майрамы да жыйынтыкталды. Кезектеги футбол сынактын жыйынтыгы көптөгөн күйөрмандар үчүн күтүүсүздүктөргө, божомол-жоромолдорды адаштырган, анткен менен кубанычка бай болду.

Португалия чемпиондугу кокустукпу?

10-июлда финалдык беттештин жыйынтык ышкырыгы жаңырары менен Португалиядагы майрам туу чокусуна жетти. Лиссабондо “маңдайы жарылган” миңдеген адамдар жеңишке ишенип-ишенбегендей.

Учурда ал шаарда жүргөн кабарчыбыз Айнура Жекше кызынын айтымында, аянтта Франция желегин көтөрүп жүргөндөр да болду. Аларга жашы мамиле жасашты, аягында чогуу сүрөткө да түшүп жатышты.

Францияда күйөрмандар полиция менен тирешти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Португалия кошумча таймда чемпионат ээлери француздарды 1:0 эсебинде утушту. Биринчи тайм аяктардан аз мурда Ренату Санчестин ордуна кирген Маседу Эдердин голу жеңишке жеткирди.

Айтмакчы, дал ошол 1997-жылкы 19 жаштагы Санчес чемпионаттын эң мыкты жаш оюнчусу аталды жана ал карьерасы аяктап бараткан Роналдунун ордун басары айкын болуп калды.

Байкоочулар жарым финалда француздар немистерди утканда эле аларга кубокту “ыйгарып” коюшкан эле. Буга себептер көп болчу. Анткени тайпалык оюндарда да, андан кийин да француздар атаандаштарын ынанымдуу утуп келишсе, португалиялыктар көбүнесе тең чыгып же кошумча таймдарда гана жеңип жатышты. Анан калса, Португалия Еврочемпионатты бир да жолу уткан эмес. Ал эми Франция эки ирет (1984, 2000) чемпион болгон.

25-мүнөттө бутунан жаракат алып, команданын таяныч-үмүтү, капитаны Криштиану Роналдунун оюндан чыгышы француздар чемпион деген ойду биротоло бышыктап салган эле.

Арийне, португалиялыктар чыйралып, өзгөчө экинчи таймда катуу оюн көрсөтүп, акыры жеңишти илип кетишти. Муну менен алар 2004-жылы Еврофиналда, өз үйүндө гректерге утулган ызасын жуушту десе да болот. Анда да гректер кокус утту дегендер көп болгон.

Франция курамасынын башкы машыктыруучусу Дидье Дешам жеңиш үчүн “салкын кандуулук” жетпей калды деп, финалга атаандаштарына караганда бир күн аз даярданып калышканын, майда-чүйдө себептер жеңиште роль ойноп кеткенин айтып актанды.

Европа чемпионатынын финалы учурунда жана андан кийин Париждин башкы көчөсү – Елисей талаасында футбол фанаттары полиция менен тирешти. Франс пресс агенттиги полиция аларга дубинка, жаш чыгаруучу газ колдонуп, суу менен атканын, натыйжада оюн учурунда жана андан кийин 40 чакты адам кармалганын жазды. Күйөрмандар полицияны таш-бөтөлкөлөр жана файерлер менен атып урушкан.

Эйфель мунарасынын жанына жүз миң кишилик фан-аймак уюштурулуп, чоң экрандар коюлган. Ага кире албай ичи ачышкандар алгач башаламандык уюштуруп, экранга таш атып, бир нече скутерлерди өрттөп жиберишкен.

Калган башаламандын оюндан кийин болгон. Албетте, конокко жеңишти алдыруу ызалантпай койбойт эмеспи.

Сенсация жараткандар

Дегеле бул чемпионат сенсацияга бай болду. Быйылкы дебютанттар Уэльстин жарым финалга, Исландиянын чейрек финалга чыгышы күтүлгөн эмес. Исландиянын калкынын 10% (жалпы калкы 330 миң чамалуу) Францияга келип, командасына дух бергени, өзгөчө сүрөөнү да көпчүлүктү тамшантты. Атүгүл Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да исландиялыктарды жеңиши менен куттуктап жиберди.

Орусиянын өз тайпасында арткы орунду алып, Уэльске 3:0 эсебинде утулушун башкасы болбосо да орусиялыктардын өздөрү күтпөсө керек. Спорт министри Виталий Мутко деле амбициялуу пландарды койбой, башкы максат тайпадан чыгуу деп жаткан. Акталбады.

Бейбаштык кылып күйөрмандары да дүйнөгө уят болушту. Аз жерден командасын чемпионаттан четтетип жибере жаздашты.

Статистика

Франциянын чабуулчусу Антуан Гризманн 7 оюндагы 6 голу менен бомбардир аталды.

Дегеле чемпионатта эң көп голду француздар (13), андан кийин уэльстиктер (10), анан Португалия менен Бельгия командасы (9) болушту. Мында Украина курамасы бир да гол киргизе алган жок.

Еврочемпионаттардагы карьерасында Роналду жалпысынан 9 гол киргизип, мыкты бомбардирлер арасында атактуу Мишель Платиниге теңелди.

Айтмакчы, Германия-Италия беттеши эң кырчылдашкан таймаштардын бири катары эсте калды. Аны “маалынан эрте өткөн финал” дегенге да үлгүрүшкөн. Оюн пенальтиге чейин жетип, 18 ирет тебилген топтун жыйынтыгында (6:5) немистер утушкан болчу. Бул да эң узун пенальти серияларынын бири катары тарыхта калды.

Бул жолку турнирдин дагы бир айырмачылыгы - тайпалык оюндарда биринчи ирет 16 эмес, 24 команда катышты.

Оюндар Франциянын 10 стадионунда өттү. Теракттар күчөгөн учурда коопсуздук катуу корголуп, ал үчүн 90 миң полиция, жоокерлер жана жеке күзөтчүлөр тартылды.

Британиялык ММКлар Еврочемпионатты 6 млрд., тагырагы жер шаарындагы калктын 90% көрдү деп эсептеп чыкты. Ал эми стадиондорго 2,3 млн. адам келгени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG