Бишкекте төрт кыздан токмок жеген 16 жаштагы кыз президенттик иш башкармалыкка караштуу бейтапканада дарыланууда. Аны ур-токмокко алгандарды тартип сакчылары издеп жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
21-октябрда 20-21-жаштардагы төрт селки 16 жаштагы окуучу кызды күчтөп машинага салып, Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрү кесилишкен жерде сабап коюшканы тууралуу маалымат чыккан. Окуяга жигит талашуу себеп болгонун жабыркаган кыздын жакындары билдиришкен.