Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Дыйканчылык - адамдын өңүн өзгөрткөн


Илим байыркы адамдардын ашказаны дан азыктарын сиңире албаганын аныктады.

Илим байыркы адамдардын ашказаны дан азыктарын сиңире албаганын аныктады.

Байыркы адамдардын өңү-түсүнө жана генине айлана-чөйрө жана климаттык шарттар эмес, байыркы кишилердин жеген тамак-ашы таасир эткен.

Илим дүйнөсүндө мындан тышкары алыскы Церера эргежээл планетасында суунун буусу табылганы белгилүү болду. Ал эми биздин планетабызда былтыркы жыл - 1880-жылдан берки эң ысык төртүнчү жыл болгону аныкталды.

Адамзатты тамак-аш өзгөрткөн

Дыйканчылык адамзаттын генин, өңү-түсүн жана иммунитетин олуттуу түрдө өзгөрткөн. Мындай тыянакка Барселона университетинин окумуштуулары бир нече изилдөөлөрдөн кийин келишкен. Испаниянын түндүк-батышындагы Ла Браньо-Аринтеро үңкүрүндө 2006-жылы табылган кишинин калдыктарынын митохондриялык ДНКсы тыкыр иликтенген. Ал скелет 8000 жыл мурда Иберия жарым аралын байырлаган адамдын сөөгү болуп чыкты. Бул тууралуу изилдөөнүн автору, генетика профессору Карлез Лалуэза-Фокс Nature журналы аркылуу кабарлады.

Дыйканчылык 8500 жыл мурда Европага жайылганга чейин адамзаттын ашказаны сүт жана дан азыктарын, картошка, кызылча жана башка өсүмдүктөрдү сиңире алган эмес. Аны менен бирге дыйканчылык кеңири тараганга чейин адам баласынын организми кургак учук, өпкөнүн сезгенүү (пневмония) жана безгек ооруларына туруштук бере алган. Байыркы кишилердин өңү жана чачы кара-тору келип, көздөрү көк болгон. Адамдардын диетасы 10 миң жыл мурда өзгөрө баштагандан кийин, адамзаттын келбети да өзгөрүүгө туш болгон.

Байыркы дыйкандар Жакынкы Чыгыштан 10 миң жыл мурда Греция жана Болгарияга жер которушкан. Ага чейин европалыктар аңчылык менен гана жан багып келишкен. Генетик Лалуэза-Фокстун айтымында, Европанын көчмөн мергенчи уруулары эки миң жылдай дыйкандар менен бирге жашаса да, диеталары таптакыр башка болгон. Барган сайын аңчылык менен күн өткөрүшкөн уруулар дыйкандар менен жуурулушуп кеткен. Адамзаттын азыркы жеген тамак-ашы дал ошол мезгилде түптөлгөн.
ДНКнын үлгүсү.

ДНКнын үлгүсү.


Барселона университетинин генетиктеринин иликтөөсүнө ылайык, дыйканчылык тараганга чейин адамдар D витаминин эттен алышкан жана аталган витаминдин чоң көлөмү менен эттүү диета теринин түсүнүн кара-торулугуна жооптуу фактор болгон. Илимпоздордун айтымында, байыркы адамдардын өңү-түсүнө жашаган жеринин шарттары эмес, жеген тамак-ашы таасир эткен.

Ал эми даниялык жана швециялык окумуштуулар тобу Скандинавия, Иберия жана Сибирдеги аңчылык менен жан баккан уруулардын геномдорун изилдеп чыккан соң күтүлбөгөн ачылыш жасашты. Испаниянын Ла Браньо-Аринтеро үңкүрүндө табылган мергенчинин ДНКсы Түндүк Швецияда жана Батыш Сибирде табылган байыркы адамдардыкына окшош болуп чыкты. Демек, Батыш Сибирдин жана Европанын байыркы аңчы уруулары 24 миң жыл мурда карым-катнашта болгон.

2013-жыл эң ысык жылдардын бири болду

Байыркы аңчы жана дыйкандар доорунан азыркы күндөргө кайтып келсек, АКШнын Мухит жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгы 2013-жыл 1880-жылдан берки эң ысык төртүнчү жыл болгонун жарыялады. Орто эсеп менен былтыр планетанын температурасы нормадан 0.62°C градуска көтөрүлгөн. Ушундай ысык температура 2004, 2003 жана 1998-жылдары катталган. Мухиттердин температурасы нормадан 0.46°C градуска, ал эми жердеги температура нормадан 0.64°C градуска жылыган. Океандар ушул деңгээлге 2004-жылы жана жердеги температура ушул көрсөткүчкө 1998-жылы жеткен.

Церера эргежээл планетасы.

Церера эргежээл планетасы.

Аба ырайы ысып бараткан Жерден температурасы –106°Сдан –35°Ске чейинки алыскы Астероиддер кемериндеги планетага кайрылсак. Биздин Күн системасындагы Марс менен Юпитердин ортосундагы Церера эргежээл планетасынын үстүңкү кыртышынын астында муз бар экени былтыр октябрда белгилүү болгон. Гершель космодүрбүсү 22-янврда ал планетада суунун буусун тапты. Бул тууралуу Европа космос агенттиги кабарлады. Диаметри 950 чакырым Цереранын чок ортосу таштуу жана калың муз менен капталган. Ал муз эрисе, анын көлөмү Жердеги суудан эки эсе көп болот.

Молчулуктун пири жана байыркы грек кудайы Цереранын урматына аталган эргежээл планетаны Палермо жылдызканасында (обсерватория) Жусеппе Пиацци 1801-жылдын 1-январында тапкан. Бул планета өзүнүн огун 466 күндө, ал эми Күндү 4.6 жылда бир айланат. Церера сыяктуу планеталардын калдыктары жана кометалар Жерге суунун элементтерин алып келген деген божомолдор көп айтылып келет. Бул эргежээл планетаны тыкыр изилдөө үчүн Церерага Dawn көлүгү 2007-жылы жөнөтүлгөн. Ал робот 2015-жылы Церерага конот деп пландалууда.


  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG