Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Париж Бэкхемди овация менен узатты


Дэвид Бэкхем 38 жашында футболдук карьерасын аяктады. "Пари Сен Жермендеги" акыркы матчка ал капитан катары чыкты. Клубдун машыктыруучусу Карло Анчелотти болсо "Реал Мадридге" кетүү ниетин шардана кылды.

Өткөн ишембиде "Пари Сен Жермен" (ПСЖ) менен "Брест" командаларынын Франция чемпионатынын алкагындагы беттешүүсү бир нече мүнөткө токтоп калды. Жок, бул жолу футбол хулигандарынын кандай тиешеси болгон жок. Париждеги стадиондо отурган 45 миңдей көрүүчү, футболисттер 81-мүнөттө Дэвид Бэкхемди дүркүрөгөн овация менен узатышты.

Бир нече күн мурун 38 жаштагы англиялык футболист 20 жылдык карьерасын аяктаарын маалымдаган. Акыркы матчка Бэкхем капитандын лентасын тагынып чыкты. Топ ага тийген сайын стадион кайра-кайра кол чаап жатты.

Оюн талаасынан кетип жатып көз жашын жашырбаган футболисттин урматына матчтын аягында "Битлздин" Hello Goodbye ырынын коштоосунда чоң экранда ар кайсы жылдары тартылган сүрөттөрү көргөзүлдү.

“Париждеги бардык адамдарга, клубдаштарыма, команда менен иштегендерге, колдоочуларыбызга рахмат айткым келет. Карьерамды ушул жерде аяктаганым өзгөчө сезимдерди тартуулады. Париж, рахмат. Бул – дүйнөдөгү эң кооз шаар, бул жактан кетүү оңой эмес”, - деп толкунданды англиялык желекке оронуп, подиумга чыккан Бэкхем.

ПСЖнын машыктыруучусу Карло Анчелотти “капитандыкты бир кечеге ага тапшыруу туура болду, бүгүнкү матч Дэвиддин эсинде түбөлүккө калат” - деди. “Бүгүн ал карыган футболист болсо, эртең балким жаш менеджер болуп калат”, - деп кошумчалады Анчелотти.

Бирок Бэкхем өзү келечектеги пландарын сөз кыла элек.

Англия улуттук командасынын мурдагы капитаны январда Франциянын "Пари Сен Жермен" клубу менен 5 айлык келишимге кол койгон.

20 жылдык карьерасында Бэкхем 19 трофей жеңген – 10 жолу Премьер Лиганын чемпиону болгон жана 4 башка өлкөнүн биринчилигин жеңген англиялык жападан жалгыз футболист. Ал "Реал Мадрид", "Манчестер Юнайтед", "Лос Анжелес Гэлакси" жана "Пари Сен Жермен" клубдарында ойногон. Бэкхем Англия улуттук командасынын курамында 115 ирет ар кандай мелдештерге катышып, рекорд койгон.

Айрым спорт журналисттери болсо ал аялзатынын бул спортко кызыгуусуна чоң салым кошту деп белгилешет. Spice girls тобунун мурдагы катышуучусу Виктория Адамс менен үйлөнгөн Бэкхем реклама, мода дүйнөсүндө да брендге айланган.

ПСЖге келгенде футболист бүтүндөй айлыгын балдар менен иш алып барган соопчулук уюмдарына которорун айткан. Le Parisien гезити апрелдеги санында жазганына караганда, акча Париждеги Necker-Enfants клиникасына жөнөтүлгөн. Оорукана балдардын татаал патологиялары жана сейрек ооруларына адистешкен. Футболисттин маянасы дагы бир аты аталбаган уюмга которулуптур. Гезит ал эки жерге жарым миллион евродон ашкан каражат түшкөнүн маалымдаган.

Баса, ПСЖ клубуна эми жаңы машыктыруучу издөөгө туура келчүдөй.

Жекшембиде Франциянын профессионалдуу футболисттер ассоциациясынын сыйлыктарын тапшыруу салтанатынан кийин Карло Анчелотти клубдан кетүү пландарын шардана кылды:

- Мен клубдан кетүү уруксатын сурадым. Жетекчилик бир нече күндөн кийин чечимин айтат. Аны күтө туруу керек. Клубдун төрагасы жана техникалык директору менен сүйлөшкөм. "Реал Мадрид" башка варианттардын арасында бар. Бирок менин келишимим эмки жылы аяктайт, клубдун чечимин күтөм.

ПСЖнин президенти Насер Ал-Хелайфи дүйшөмбүдө телеканалдардын бирине интервью бергенде Анчелоттинин кетиши “укуктук проблемаларды” жаратышы мүмкүн деп эскертти.

Италиялык устат клубга былтыр январда келген жана анын жетектөөсүндө баш калаанын командасы 19 жылдан бери биринчи жолу 3-чемпиондук наамын жеңди.

Ал эми клубдун чабуулчусу швециялык Златан Ибрагимович Франция Жогорку Лигасынын эң мыкты оюнчусу деп аталды. Чемпионаттын беттешүүлөрүндө ал бул сезондо 29 гол киргизди. Алдыда чемпион наамын күн мурунтан жеңген ПСЖни дагы бир матч күтүүдө. Европанын башка футболисттери менен салыштырсак, Ибрагимовичтин алдында быйыл Испания биринчилигинде 46 гол киргизген Месси жана 34 голдун автору Роналдо турат.
XS
SM
MD
LG