Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Бразилия-2014: футбол жана орозо


Германия менен Алжир командаларынын беттешүүсү. Бразилия, 30-июнь 2014-жыл
Германия менен Алжир командаларынын беттешүүсү. Бразилия, 30-июнь 2014-жыл

Чейрек финал үчүн таймаштардын старт алышы ыйык орозо айынын башталышына туш келди. Айрым спорт адистери мындай чоң мелдештер учурунда орозо кармоо туура эмес деп эсептешет.

2002 жана 2010-жылкы фиаскодон кийин Франция чейрек финалга чыкты. Ал жылдары бир кездери дүйнө жана Европа чепиондору болгон француздар жадакалса өз тобунан чыга албай калышкан.

Бразилия чемпионатына чейин Дидье Дешамдын командасы алардын максаты чейрек финалга чыгуу экенин айтып келген.

Бул максатка жетүү оңой болгон жок. Нигерия өзүн күчтүү команда катары көргөзүп, бир нече жолу франциялыктардын дарбазасы жанында кооптуу жагдай түзө алышты.

Бирок Погбанын 80-мүнөттөгү голу жана Йобонун өз дарбазасына кокусунан тээп алышы Францияга жеңиш алып келди.

Алардын жума күнкү чейрек финалдык матчтагы атаандашы Германия-Алжир беттешүүсүндө аныкталды. Тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын 16 мыкты командасынын катарына кошулган алжирликтер бул оюнда аутсайдер катары аталганы менен, жогорку техникасы менен айырмаланган немистердин шайын бир топ оодарып, 90 мүнөттүн ичинде эч кимиси гол киргизе алган жок.

Кошумча убакыттын биринчи жарымында гана Германия Алжирдин коргонуусунда эки ирет жылчык таба алды.

Комментаторлор Алжир командасы утулушка карабай мекенине жер карабай, улуттук каармандардай кайтышат деп санашат.

Чейрек финал үчүн таймаштардын старт алышы ыйык орозо айынын башталышына туш келди. Оюнчуларынын көбүн мусулмандар түзгөн Иран, Босния жана Герцеговина эбак эле үйлөрүнө кайтып, мелдешти кечээкиге чейин Алжир жана Нигерия улантышкан.

Бразилияда (түштүк аймактарын албаганда) ушу тапта абанын температурасы 30 градуска чейин жетип турган чак. Бир нече жолу арбитр матчты токтотуп, ФИФАнын эрежелерине ылайык, футболчуларга суу ичкенге убакыт берген учурларга күбө болдук. Мындай шартта, 90 мүнөт бою күндүн астында чуркап ойногон футболчуларга орозо кармоо кыйын экени айтпаса да түшүнүктүү.

Акыркы жолу Дүйнө чемпионаты 1982-жылы орозого туш келиптир.

Ошондо Рабах Мажер менен Лахдар Беллуми жетектеген алжирликтер европалыктарды жеңген алгачкы африкалык команда катары тарыхка киришкен. Топтогу акыркы таймашта Алжир Чыгыш Германияны 2-1 эсебинде утуп алган. Бирок Австрия менен Германия алдын ала сүйлөшүп алгандыктан, Африканын өкүлү жетиштүү упай топтой албай жарыштан чыгып калган.

Машыктыруучулар оюнчулардын орозо кармап же кармабаганы жөнүндө суроолорду эмнегедир анча жактырышпагандай. Дидье Дешам, маселен, "бул абдан сезимтал маселе, биз бардык диндерди урматтайбыз. Кимдир бирөөгө буйрук берүүгө укугум жок", - деп чектелди.

Алжирлик футболчу Мажид Бугера орозонун алдында "эң башкысы суу иче албайсың, бирок бул жактагы климат жакшы эле экен. Мен өзүмдүн абалыма карайм" деген.

Ал эми Германия командасынын мүчөсү Месут Өзил бул күндөрү иштеп жаткандыктан, турнир маалында орозо кармабасын башынан эле айткан.

Арийне айрым адистер дүйнө чемпионаты учурунда ооз бекитип, күн баткыча наар албай спорт менен активдүү машыгуу бир чети кооптуу, экинчи жагынан туура эмес, бул акыр-аягында бүтүндөй команданын жыйынына таасир этет, - деп эсептешет.

Бүгүн кечинде болсо адегенде Аргентина-Швейцария, андан кийин Бельгия-АКШ матчтарында чейрек финалда ойноочу акыркы 2 команда аныкталмакчы.

XS
SM
MD
LG