Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Бразилия коңшусунун жеңишин каалабайт


Аргентинанын футболчулары. 9-июль.
Аргентинанын футболчулары. 9-июль.

Жекшембиде дүйнө чемпионатынын финалында 1986 жана 1990-жылкы биринчиликтерде чемпион наамы үчүн таймашкан Аргентина менен Германия беттешмей болду.

Кечээ Месси жана анын командасы Голландияны пенальти боюнча 4-2 жеңип алды. Алдыңкы жарым финалда Германия тынбай гол жаадырса, Аргентина менен Голландиянын матчы жамгырдын астында өтсө да, “кургак” эсеп менен аяктады.

Пенальтиге жеткенде аргентиналыктардын дарбазачысы Ромеро 2 жолу топту кармап калып, Аргентина 4-2 эсеби менен утту.

Эми 1978 жана 1986-жылкы биринчиликтерди жеңген "Альбиселесте" (Аргентинанын командасы) үчүнчү ирет чемпион деп аталуу үчүн күрөшмөкчү.

Германиянын Бразилияны 7-1 эсеби менен утушу футбол ышкыбоздорун да адистерди да катуу тассирленткени менен аргентиналыктар жеңишке катуу ишенет.

Баса, Түштүк Америка континентинде өткөн буга чейинки 7 дүйнө чемпионатында бир да жолу европалыктар уткан эмес.

Арийне, чемпионаттын кожоюну бразилиялыктар кошуналары үчүн жан тартышат деп ойлоо, жаңылыштык. “Аргентина жеңсе, бул мен үчүн кайгылуу күн болот. Алар футболдо биз эң мыктыбыз деп кыйынсына беришет. Өздөрү болсо эки эле жолу чемпион болушкан”, - дейт Флавио аттуу архитектор.

Сан-Паулунун тургуну Рената “Үчүнчү орун үчүн биздикилер Аргентина менен ойнойт деп үмүттөнгөнбүз”, - деп голландиялыктардын утулушуна капаланганын жашырбайт.

Маалымат каражаттары да күйөрмандардан калган жок. “Жаман түш уланууда! Аргентина Голландияны пенальти боюнча жеңип, финалга чыкты!” – деп жазат “Рио О`Диа” басылмасы.

Спорт жаңылыктарына арналган “Ланс” сайты SomosTodosAlemanha! – “Биз баарыбыз немиспиз” деген макаласында “...жекшембиде Аргентина Бразилиянын жеринде чемпион болуп калса, Селесаонун (Бразилиянын командасы) немистерге жеңилиши экинчи планга жылып калат” - деп жазат.

Быйылкы эки финалист буга чейин 1986 жана 1990-жылдары да дүйнө чемпионатынын акыркы оюнунда беттешкен. (Тактап айтканда, ал кездеги Федеративдик Германия менен).

28 жыл илгери Аргентинанын ошол кездеги командасы биринчи кезекте айтылуу Диего Армандо Марадонага таянган. Жана ал ирет футболчу мекендештеринин үмүтүн актаган.

Көпчүлүк матч 2-2 эсеби менен аяктап, кошумча убакыт берилеринен күмөн санабай отурган кезде Марадона Буручагага берген пас Аргентинага жеңиш алып келген.

Кийинки чемпионатта болсо, 1990-жылдын 8-июлунда, Римдеги Олимпиада стадионунда немистер реванш алууга жетишкен. 4 жыл мурунку матчтан айырмаланып, ал жолу эки команда тең күйөрмандарга мыкты футбол тартуулай алышкан эмес.

85-мүнөттө Андреас Бреме пенальтиден оюндун жападан жалгыз голун киргизип, "Маншафт" чемпион аталган.

Марадонанын көз жашын жашырбай ыйлаганы ышкыбоздордун эсинен азыркыга чейин кетпесе керек.

Ошондо немистердин машыктыруучусу Франц Беккенбауэрдин “Германияны эми жылдар бою эч ким жеңе албайт” – деп айтканы бар.

Үч жолудан дүйнө жана Европанын чемпиону болгон немистердин командасы андан тышкары дүйнө биринчилигинде 4 жолу күмүш, 4 жолу коло медал тагынган.

"Маншафт" бул жагынан эң ийгиликтүү команда болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG