Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Ниццадагы теракт 80ден ашуун адамдын өмүрүн кыйды


Ницца, Франция
Ницца, Франция

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, Франциянын Ницца калаасында 14-июлдун кечиндеги кол салуудан каза тапкан жана жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Ницца шаарындагы 80ден ашык адамдын өмүрүн алган терактка байланыштуу Франциянын президенти Франсуа Олландга көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ницца шаарында бейшембинин кечиндеги калабада 84 адам набыт болду. Маалыматтарга караганда, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдап, кишилерди сүзүп, тебелеп кеткен.

Полиция менен атышуу учурунда жок кылынган жанкечти 31 жаштагы тунистик француз экендиги айтылууда.

Курман болгондордон тышкары көп адамдар жарадар болгон. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү балдар. Калабадан 100дөн ашуун адам жараат алып, алардын 18и оор абалда. Азырынча калабанын жоопкерчилигин бир да уюм моюнуна ала элек.

Кол салуу фейерверк атылып жаткан кезде болгон. Маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, айдоочу топтолгон адамдарды тебелеткен соң туш келди ок аткан.

Француз бийликтери адамдарды тебелеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун полиция атып өлтүргөнүн кабарлады. Ниццанын мэри Кристиан Эстрози унаанын ичинен ок атуучу куралдар жана жардыруучу заттар табылганын билдирди жана тургундарга үйдөн сыртка чыкпоону сунуштады.

“Бул биздин шаардын тарыхындагы эң кайгылуу трагедия. Сексенден ашуун адам каза болду” деп жазды Эстрози Твиттердеги баракчасына.

Француз президенти Франсуа Олланд окуяны теракт деп атап, акыркы 18 айда ал үчүнчү жолу катталып жатканын билдирди. Олланд бүгүн таң эртеден жасаган кайрылуусунда “чоң унаа менен атайлап адамдарды тебелеткен бул окуя Франциянын үрөйүн учурду”,- деп билдирди.

Ниццадагы калаба
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

“Франция мындан ары да дагы күчтөнөт. Биздин терроризм менен күрөшүбүздөн баш тарттырууга эч нерсе тоскоол боло албайт”, - деди Олланд.

Француз президенти өз өлкөсү Сирия жана Ирактагы террорчуларга каршы операцияны уланта берерин кошумчалады.

Бул окуя боюнча Париж прокуратурасы териштирүүнү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG