Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Олланд Ниццадагы окуяны теракт деп атады


Ницца.
Ницца.

Франциянын Ницца шаарында кол салууда мерт болгондордун саны 80ге жетти. Ондогондор жараат алды. Шаарда 14-июль түнү “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдап, кишилерди сүзүп, тебелеп кеткен.

Кол салуу фейерверк атылып жаткан кезде болгон. Маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, айдоочу топтолгон адамдарды тебелеткен соң туш келди ок аткан.

Француз бийликтери адамдарды тебелеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун полиция атып өлтүргөнүн кабарлады. Ниццанын мэри Кристиан Эстрози унаанын ичинен ок атуучу куралдар жана жардыруучу заттар табылганын билдирди.

“Бул биздин шаардын тарыхындагы эң кайгылуу трагедия. 70ден ашык адам каза болду” деп жазды Эстрози “Твиттердеги” баракчасына.

Француз президенти Франсуа Олланд окуяны теракт деп атап, акыркы 18 айда ал үчүнчү жолу катталып жатканын билдирди. Олланд бүгүн таң эртеден жасаган кайрылуусунда “чоң унаа менен атайлап адамдарды тебелеткен бул окуя Франциянын үрөйүн учурду”,- деп билдирди.

“Франция мындан ары да дагы күчтөнөт. Биздин терроризм менен күрөшүбүздөн баш тарттырууга эч нерсе тоскоол боло албайт”-деди Олланд.

Француз президенти өз өлкөсү Сирия жана Ирактагы террорчуларга каршы операцияны уланта берерин кошумчалады.

Бул окуя боюнча Париж прокуратурасы териштирүүнү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG