Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Франция: Социалисттер парламенттик шайлоодо жеңди


Социалисттик партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү. Париж, 10-июнь, 2012-жыл
Социалисттик партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү. Париж, 10-июнь, 2012-жыл

Францияда парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы президент Франсуа Олланддын социалисттик партиясынын жеңиши менен аяктады.

Бир айдын ичинде Франциянын Социалисттик партиясы экинчи олуттуу ийгиликке жетишти. Ички иштер министрлиги жарыялаган маалыматка ылайык, социалисттер өнөктөшү “Жашылдар партиясы” менен биригип, добуштардын 46% алышты. 6-майда Франсуа Олландга уттурган мурдагы президент Николя Саркозинин оңчул партиясына (UMP) добуштардын 34% тийди.

17-июнда шайлоонун экинчи айлампасынан кийин мамлекет башчынын тарапкерлери 577 орундуу Улуттук Ассамблеяда мандаттардын көбүн алат деп күтүлүүдө. Андай болгондо президент Олланд шайлоо өнөктүгү маалында убада келген экономикалык реформаларды жүргүзүү оңой болмокчу. Атап айтканда, Франциянын жаңы президенти экономикалык өсүштү камсыздоо менен катар евромейкиндикте өкүм сүрүп жаткан бюджеттик кыскартууларды болтурбоону көздөөдө.

Социалисттик партиянын төраймы Мартин Обри шайлоонун эртеси буларга токтолду:

- Кечээ француздар Франсуа Олландга, анын өкмөтү жүзөгө ашыра баштаган өзгөрүүлөргө ишеним көрсөткөнү келди деп ойлойм. Француздар ага мүмкүнчүлүк берүүнү каалашарын көргөзүштү. Калкты жумуш менен камсыздоо, экономикалык өсүштү, адилеттүүлүктү кепилдөө үчүн парламентте олуттуу көпчүлүккө муктажбыз.

Социалисттерди колдогон шайлоочу Элза Женетэ президент баштаган өзгөртүүлөрдү кубаттаарын айтат:

- Албетте, биз кубанып турабыз. Улуттук Ассамблеяда көпчүлүк түзүлсө, Франсуа Олланд саясатын ишке ашыра алат. Азыр солчулдардын бийлиги керек. Алар Франция зарыл болгон реформаларды алга жылдыра алышат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы мени абдан кубандырды.

Олланд бир айдын ичинде бир нече популисттик убадаларын аткарууга үлгүрдү. Алсак, министрлердин айлык акысы 30% кыскартылды, кээ бир жумушчулардын пенсия жашы 62 жаштан 60ка ылдыйлады.Мындан тышкары президент байлардын салыгын көтөрүүнү, кошумча 60 миң мугалимди ишке алууну көздөп жатат.

Жекшемби күнкү добуш берүү өнөктүгүнө элдин катышуусу өтө солгун болду. Социалисттик партиянын өкүлдөрү өз колдоочулары президенттикти жеңгенден кийин "бийлик колго тийди" деп отуруп калышканын белгилеп, экинчи айлампага активдүү катышууга үндөшүүдө.

Өкмөттүн мүчөсү Бенуа Амон Олланддын командасы канча орунга ээ болоорун так айтуу үчүн 17-июнду күтө туруу оң дейт:

- Добуш берүүнүн жыйынтыгы француздар Франсуа Олландга саясатын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берүүнү каалашаарын далилдеди. Бирок экинчи айлампадан кийин гана майрамдасак болот. Эл жакшылап катышып берсе, эмки жекшембиден тартып Франсуа Олланд каалаган саясатын жүргүзүүгө кудуреттүү болмокчу.

Алдын ала санактар көргөзгөндөй, ашынган улутчулдардын Улуттук майданы (FN) 1986-жылдан бери алгачкы жолу парламентке кирип калышы мүмкүн.

Партиянын лидери Марин Ле Пен бирдиктүү валютадан баш тартууга, өлкөнүн анын сөзү менен айтканда “исламдашуусуна” каршы күрөшүүгө үндөп келатат.

XS
SM
MD
LG