Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Германиядагы "тарыхый" шайлоо


Мекленбург - Алдыңкы Померания жериндеги шайлоо үгүтү учурундагы митингге катышып жаткан мусулман аял. 2-сентябрь, 2016-жыл
Мекленбург - Алдыңкы Померания жериндеги шайлоо үгүтү учурундагы митингге катышып жаткан мусулман аял. 2-сентябрь, 2016-жыл

Германияда мигранттарга каршы турумдары менен белгилүү партия 4-сентябрдагы жергиликтүү шайлоодогу ийгилигин канцлер Ангела Меркелдин өлкөнү “жарга такаган миграция саясаты” менен түшүндүрдү.

Меркел чек араларды качкындарга ачуу чечимин кабыл алгандан туура бир жылдан кийин өткөрүлгөн бул добуш берүү 2017-жылкы парламенттик шайлоо алдындагы анын партиясы үчүн сыноо катары каралууда.

Мындан үч жыл мурун эле түптөлгөн “Германия үчүн альтернатива” партиясынын лидери Фрауке Петри Мекленбург - Алдыңкы Померания жериндеги шайлоодогу ийгилик башкаруучу Христиан-демократтар партиясын “өз ордуна койгонун” айтты.

Ал эми партиянын өкүлү Лейф-Эрик Хольм бул жетишкендикти тарыхый окуя деп баалады:

- Достор, бул нерсе акыры ишке ашты. Мекленбург - Алдыңкы Померания жеринде биздин партия парламентте өз ордун тапты. 0 пайыздан 20дан ашык пайызга чейин жеттик. Бул көрсөткүч менен сыймыктанса болот, бул тууралуу биз бир нече ай мурда кыялданчу да эмеспиз. Биз азыр бул аймакта тарыхты жасап жатабыз. Акыры парламентке оппозиция келди.

Жергиликтүү парламенттеги 71 орун үчүн ат салышууда партия добуштардын 21% алып, 19% ээ болгон канцлердин партиясын 3-орунга жылдырды. Ал эми жеңишке Социал-демократтар жетишти, аларга шайлоочулардын кеминде 30% артыкчылык берди.

Буга чейин Германиянын алдыңкы партиялары улутчулдар менен коалицияга барбасын айтып келишкен.

- Демократиялык партиялар олуттуу колдоо табышат жана "Германия үчүн альтернатива" партиясы көп добуш чогулта албайт деп үмүттөнөм. Мен ар дайым: добуштарды аларга бербегиле деп үндөйм. Партия кызматташууну каалабайт. Алар көңүл калуу жана нааразылык маанайын гана козутуп келишет. Андыктан эч ким аларга добуш бербөөгө тийиш, - деген шайлоо алдында Мекленбург - Алдыңкы Померания чөлкөмүнүн премьери, Социал-демократтардын талапкери Эрвин Шеллеринг.

Социал-демократтар жана Христиан-демократтар чоң коалиция түзүү үчүн жетиштүү добуш алганы менен, Социал-демократтар солчулдар жана Жашылдар партиялары менен да биригиши мүмкүн. Партия лидерлери өнөктөшү ким болорун дагы ойлонуштурарын айтышууда.

Бирок "Германия үчүн альтернативага" көргөзүлгөн шайлоочулардын ири колдоосу саясий картинаны өзгөртүп, канцлердин турумун кыйла алсыратышы ыктымал.

Анын үстүнө Мекленбург - Алдыңкы Померания Меркелдин шайлоо чөлкөмү. 1990-жылы Бундестагга ошол округдан ат салышкан.

Бул өнөктүк 2017-жылкы парламентик шайлоо алдындагы ири сыноо катары каралууда. Эсиңиздерге сала кетсек, туура бир жыл мурун канцлер Меркел Германиянын чек араларын жүз миңдеген качкындар үчүн ачуу чечимин кабыл алган. Башында элдин көбү аны колдосо, кийин мындай саясатты сындагандар көбөйдү. Ошондой эле Европанын эң ири экономикасы миллион келгинди кантип интеграциялайт деген кооптонууларга жем таштады.

Улутчул партия өкмөттүн миграция кризисине ичи чыкпаган шайлоочуларды өзүнө тарта алганын жекшемби күнкү добуш берүү даана көргөздү.

Акыркы айларда партия позицияларын бекемдеп, ушу тапта 16 жергиликтү парламентте мандаттарды жеңүүгө жетишти.

Мекленбург - Алдыңкы Померания Германиянын түндүк чыгышында жайгашкан чакан, калкы аз жана эң жакыр чөлкөм, добуш берүүчүлөрдүн саны 1,3 миллион кишини түзөт.

XS
SM
MD
LG