Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Караколдо спорт машыктыруучулары нааразылыкка чыгышты


Каракол шаарынын ардагер жана учурдагы жаш машыктыруучулары бүгүн нааразылык акциясына чыгышып, өкмөткө жана президентке кайрылуу жолдошту. Алар Ысык-Көл облустук адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдик, спорт мектебинин жетекчиси Алим Малдыбековдун кайра өз ордуна келгенине нааразы.

Алим Малдыбеков былтыр жемкорлукка шектелип, машыктыруучулардын даттануусу менен сотто күнөөлүү деп табылган. Чечимди Каракол шаардык, Ысык-Көл облустук соттору чыгарышкан. Быйыл 15-сентябрда Жогорку сот Алимбековду актаган. Андан соң Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен мурдагы кызматына коюлган.

Машыктыруучулар Жогорку соттун чечимин адилетсиз болгонун белгилешүүдө. Алар маселе чечилбесе, Бишкектеги Ак үй алдына пикет өткөргөнү барышарын билдиришти. (AsM)

XS
SM
MD
LG