Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Мүнхендеги соода борборундагы атышуудан он киши каза тапты


Германиянын Мүнхен шаарындагы “Олимпия” соода борборундагы куралдуу кол салуудан он киши мерт кетти. Жума күнү кечинде мылтыктан туш-тарапты аткылаган жигит өзүн өзү атып жан берди.

Мүнхен шаардык полициясынан жергиликтүү убакыт боюнча ишембиде таңкы 2ге жакын маалымдалгандай, соода борборунда болгон куралдуу кол салуудан бардыгы он киши набыт болду. 20дан ашуун адам жараат алды. Соода борборуна мылтыкчан кол салган жигит 18 жаштагы теги ирандык Германия жараны болушу ыктымал деп кабарланды. Ал аягында өзүн башка атып жан берген.

Жума күнү кечке маал башталган атышуу болгон аймакты полиция курчоого алып, соода борборунан адамдар чыгарылып кеткен. Полиция жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн чыкпай сактанып турууга чакырган.

Мүнхендин полиция башчысы Томас Бауманн DPA агенттигине айтканы боюнча, атышуу “Олимпия” соода борборунун ичиндеги тез тамактануучу жайда жергиликтүү убакыт боюнча саат кечки алтыларда башталган.

Мүнхендин Шаардык транспорт башкармалыгы бир нече автобус, поезд жана трамвай каттамдарын токтотконун билдирди.

Өткөн дүйшөмбүдө Баварияда балта жана бычак көтөргөн адам Вюрцбургдагы поезддин жүргүнчүлөрүнө кол салып, төрт адам жарадар болгон. Кылмышкер полицияга каршылык көрсөткөндө ошол жерден атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG