Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Кыргыз хоккейчилери филиппиндиктерди утту


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында. Саппоро. Жапония. 18-февраль, 2017-ж.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында. Саппоро. Жапония. 18-февраль, 2017-ж.

Ушул күндөрү Жапониянын Саппоро шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы филиппиндик атаандаштарын 10:5 эсебинде утуп алышты.

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин кыргыз хоккейчилери 18-февралда кувейттиктерди 5:0 эсебинде жеңишкен.

Алдыда кыргызстандык оюнчулар 22-февралда Бахрейн курамасы менен, 24-февралда Катар курамасы менен таймашат.

VIII Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизиондо Кувейт, Катар, Бахрейн жана Филиппин курама командалары менен А тайпасында ойноп жатат. В тайпасында Түркмөнстан, Малайзия, Индонезия жана Макао командалары бар.

Тайпалык беттештерде биринчи орунду алгандар алтын байге үчүн, экинчи орунду алгандар коло байге үчүн беттешет. Финалдык оюндар 26-февралда өтөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG