Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Талас: 5652 тонна төөбуурчак экспорттолду


Төөбурчак.
Төөбурчак.

Бул жөнүндө бүгүн өкмөттүн Таластагы өкүлү Дайыр Кенекеев министрлер жана таластык жарандык коомдун активдери менен болгон жыйында билдирди. Анын айтуусунда, сыртка чыккан төөбурчактын 3000 тоннасы Түркияга сатылган:

- Талаадан түз эле жыйналып тазаланбаган, сорттолбогон төөбуурчакты таластыктардын колунан түркиялык фирмалар гана алып, тазалап башка мамлекеттерге экспорттоп жатат. Ал эми башка мамлекеттер тазаланганын сурап жатышат. Таласта төөбуурчак тазалоочу 2 ишкана жакында ишке киргени турат.

Губернатордун маалымдашынча, өткөн жылы Таластын төөбуурчагы 30га жакын мамлекетке экспорттолгон. 70 пайызы Түркияга кеткен.

Таласта жылына 90 миң тоннанын тегерегинде төөбуурчак өндүрүлөт. Быйыл 50 миңден ашык гектарга төөбуурчак эгилген. (SS)

XS
SM
MD
LG