Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Дүйнө экономикасында “үч ыргак”


Эл аралык Валюта корунун кайра каралган болжолуна караганда, кыргыз экономикасы быйыл 7,4% өсөт. Ал эми глобалдык экономиканын өсүү көрсөткүчтөрү боюнча болжолун Валюта кору былтыркысынан ылдыйлатты. Бул эл аралык уюмдун пикиринде, глобалдык экономика азыр бир эмес, үч түрлүү ылдамдыкта кеткендиктен толук оңоло албай турат.

Эл аралык Валюта кору өткөн аптада жарыяланган баяндамасынын кириш сөзүндө эле “глобалдык экономиканын келечеги жакшырды” деп белгилейт. Бирок ошол эле учурда 2013-жыл боюнча мурдагы божомолдорун төмөндөтүп, кайра караган.

Бул карама-каршылык, британдык Financial Times гезити жазгандай, глобалдык экономиканын 2012-жылдын аягындагы начар көрсөткүчтөрү жана мунун 2013-жылга тийген таасири менен байланыштуудай.

Валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард Нью-Йорктогу басма сөз жыйында кайра каралган болжолду чечмелеп:

- Биз глобалдык өсүш быйылкы жылы 3,3% тегерегинде болот деп күтүп жатабыз. Бул былтыркы жылдан анчалык деле айырмаланбайт. Азыр сандарга көз чаптыруу менен биз кыйын мезгилди артка таштай алдык, экономикалык дүйнөнүн келечеги буга чейинкидей кооптуу көрүнбөй калды деп айта алабыз. Ошол эле учурда каржылык абалдын, каржы базарларынын оңолгону туруктуу өсүшкө айланып, жумушчу орундар көбөйө элек. Анткени акыр-аягында адамдар үчүн эң башкысы ушул нерселер да.

Глобалдык экономиканын быйылкы өсүшүн 3,3% деп белгилөө менен Эл аралык Валюта кору былтыркы жылдын октябрындагы болжолун 0,2% ылдыйлатты.

Валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард мунун себебин дүйнөдө экономикалык жандануу бир ыргакта кетпей жаткандыгы менен түшүндүрдү:

- Биз дүйнөлүк экономикада үч ылдамдык пайда болгонун байкап жатабыз. Булар: өздөрүн жакшы сезип жаткан өлкөлөр, оңолуу жолуна түшкөн өлкөлөр жана бул жолго кайта албай жаткан өлкөлөр. Экономиканын бирдей эмес, үч башка ылдамдыкта калыбына келиши биз ойлогондой жакшы эмес. Кайра жандануу үчүн бизге үч башка ылдамдык жетишсиз.

Валюта корунун акыркы эсептерине караганда, дүйнөлүк ири оюнчулардан АКШ экономикасы быйыл 1,9% өсөт деп күтүлсө, Еврошаркеттеги 0,3% кыскарат. Кытайдагы өсүш 8% чаап барат деп болжолдонсо, Жапония 2%, Орусия менен Бразилия 4%, Индияныкы 6% жетпейт.

Валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард өнүгүп келе жаткан жана кирешеси аз өлкөлөрдөгү экономикалык жараянды мындайча чечмеледи:

- Өнүгүп келаткан базарлар каржылык эксцесстерге жол бербөө боюнча жаңы тобокелчиликтердин алдында турат. Алар каржылык көзөмөл жана тескөө саясатын чыңдоосу абзел. Ал эми кирешеси аз мамлекеттерден биз чынында эле азыр өсүүнүн ыкчам ыргагын байкап жатабыз. Андыктан алар азыркы ийгиликтерине таянуу менен келечекке, анын ичинде инфраструктурага жана социалдык муктаждыктарга инвестиция жасашы керек. Анткени ар тараптуу өнүгүүнүн башаты мына ушул жерде жатат.

Валюта кору кыргыз экономикасынын өсүү көрсөткүчү боюнча болжолун да түшүрдү. Алсак былтыркы жылдын октябрында ал 8,5% болсо, азыр 7,4%.

Өкмөт быйылкы жылдын үч айында Улуттук дүң өндүрүштүн 7,6% жогорулашын жакшы жышаан катары баалоодо. Бирок экономиканын көрсөткүчтөрү былтыркы жылдын үч айына салыштырмалуу оңолгону менен мурдагы жылдыкынан начар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG