Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Пакистанда кыйраган учактын учкучу кыймылдаткыч бузулганын кабарлаган


Бул тууралуу Pakistan International Airlines компаниясы кабарлады. Компания башчысы Мухаммад Азам Сейголдун 7-декабрдагы маалыматы боюнча, учак менен байланыш үзүлөр алдында учкуч кыймылдаткыч бузулуп жатканын билдирген.

Ичинде 47 адам бар ATR-42 учагы шаршемби күнү Исламабад шаарынын түндүгүндө 70 чакырымдай алыстыкта кыйроого учураган. Ал Читрал шаарынан Исламбадга учуп келаткан. Каза болгон бардык жүргүнчүлөрдүн сөөгү ооруканага жеткирилип, алардын ким экендигин аныктоо иштери башталды. Учак акыркы жолу октябрь айында текшерүүдөн өткөрүлүп, анда “техникалык жактан оңдолуу” деп табылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG