Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Жалал-Абадда “Кыз узатуу” долбоорунун мыктылары аныкталды


Кыз узатуу салты.
Кыз узатуу салты.

Жалал-Абад облусундагы район-шаарлар арасында быйылкы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган “Кыз узатуу” долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Баш байгени Чаткал райондук админстрациясы ээледи. Биринчи орун Тогуз-Торого, экинчи орун Ноокенге, үчүнчү орун Ала-Букага ыйгарылды.

Бүгүн Барпы театрында өткөн иш-чарада алдыңкы орунду алган райондорго акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Быйыл жайында аймактардын кооз жайлоолорунда “Кыз узатуу” каада-салты өткөрүлүп, ал телевидениеден көрсөтүлүп турган. Сынактын максаты - европалашып, унутулуп бараткан кыргыздын каада-салтын жандандыруу болуп саналат.

Долбоорду өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен 7-канал биргеликте уюштурган. Иш-чарага өкмөттөн 230 миң сом бөлүнүп, анын 100 миңи байгеге, калганы уюштуруу иштерине жумшалды. (RsK)

XS
SM
MD
LG