Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:31

Азыр дүйнөдө карызы жок жашаган мамлекеттер саналуу эле. Бирок үстү-үстүнө үйүлгөн карызы улуттук дүң өндүрүшүнөн 1 жарым эседен ашып кеткен, бүткүл Европаны бейпайга салган Грециянын мисалы башка өлкөлөр үчүн сабак болчудай. “Азаттыктын” апталык “Өңүт” программасы грек кризисинин табиятын талдайт.

Саналуу жыл мурда эле сырттагыларга байманасы ашып-ташып тургандай көрүнгөн, калкы 11 миллиондун тегерегинде экендигине карабай, 10 миллиард доллар сарптап 2004-жылы Олимпиаданы тоскон, футболдук курама командасы да ошол жылы Европанын чемпиондугун жеңип алган Грекия ызы-чуу менен коштолгон нааразылыктан бир жылдан бери башы чыга элек.

Кезинде байыркы цивилизациянын чордону болгон, дүйнөлүк тарыхта беделдүү орду бар элдин урпактары бүгүн карызга белчесинен батып калган өлкөсүнүн өкмөтү каржы маселесине байланышкан кандайдыр бир маанилүү чечим кабыл алса - иш таштоо, парламент имаратынын алдына чогулуп чыр салуу, жаалдангандары имарат ичине кирүүгө чейин аракеттенет. Полиция ок атпаса да, демонстранттарды көздөн жаш агызуучу газ менен кууп таратат. Карыздын кезектеги бөлүгүн төлөп, өлкөнү банкрот болуудан сактоо аракетинде грек парламенти ушул апта башында элдин турмуш шартына тикелей таасир тийгизүүчү чечимдерди кабыл алууга аргасыз болду.

Атап айтканда, эң төмөнкү эмгек акынын көлөмү дагы 22% кыркылды. 2015-жылга чейин өкмөттүк мекемелерден 150 миң иш орундар кыскартылат. Өкмөт иштеп жаткандардын эле эмес, ардагерлердин чөнтөгүнө кол салууга барды. Айына 1 миң евродон ашкан пенсиялар дагы 20% азаят.

Мындай кескин чараларга нааразылык билдирип, Афинанын көчөлөрүнө миңдеген адам чыкты. Кыжырданган жаштар бери дегенде кырктай, анын ичинде тарыхый имаратка өрт коюшту. Кагылыштардан 100дөй киши, полиция кызматкерлери жаракат алды.

"Алгандан берген - март"

Саясатчылар менен элдин эмоциясына эмес, так сандарга көңүл бурсак, учурда Грециянын улуттук дүң өндүрүшүнүн бир жылдык акчалай көлөмү 320 миллиард доллардын тегерегинде болсо, мамлекеттик жана жеке секторлордун чет өлкөлөргө карызынын жалпы көлөмү 486 миллиард долларга (340 миллиард евро) барабар. Бул карыздын 56% Франциядан, 33% Германиядан алынган.

Өлкө мындай абалга кандайча кириптер болду? Теги грек, Швейцариянын Берн университетинин Экономика институтунун профессору Валли Кубинин (Vally Koubi) “Азаттыкка” айтканына караганда, азыркы көйгөйдүн учугу өлкө 80-жылдардын башында Евробиримдикке кошулгандан кийин агылып келе баштаган арзан акчанын натыйжасыз пайдалануусуна барып такалат:

Акыркы 30 жылдан бери алар (гректер) жеке жыргалчылыгы үчүн гана кам көрүп, жакшы жашоону ким төлөп жатканын ойлонушкан жок. Башкы көйгөй ушул. Артка кылчайсак, Греция Евробиримдикке 1981-жылы кирди. Мунун артынан өлкөнүн инфраструктурасын кайра куруу үчүн Евробиримдиктен акча келе баштады. Бирок тилекке каршы, ал акчалар акыл-эс менен сарпталган жок. Алынган акчаны сиз жөнү менен, жеке секторду куруу, жумуш орундарын жаратуу үчүн сарптабасыңыз, жумушсуздук болот. Евробиримдикте тургандан кийин биз жумушсуздукту жогорку чекте көрсөтө албайбыз. Андыктан өкмөт ишсиздерди жумушка ала баштаган. Адамдарды ишке эч нерсе өндүрбөстөн эле ала берсеңиз, кайрадан акча сурайсыз. Ал акча кайра натыйжасыз коротулат.

2007-жылга келгенде Грецияда өндүрүмдүүлүгү төмөн мамлекеттик кызматчылардын саны 1 миллиондон ашкан. Мен түзүлгөн кырдаал үчүн жалгыз эле саясий лидерлерди айыптабайм. Грециянын экономикадагы бактысыздыгына шайлоочу катары гректер өздөрү да чоң салым кошту. Бул эл менен саясий лидерлердин айкалышынан жаралган кырдаал. Анткени ар ким өзүнүн кыска мөөнөттөгү жыргалчылыгы жөнүндө гана ойлонгон. Өкмөт акчаны кайдан алып жатканына баш оорутушпаган. Токочтун чоңураак сыныгына жетүүдөн башканы көздөшкөн эмес.


Демек, Греция 2002-жылы Европанын бирдиктүү акчасы - еврого кошулганга чейин эле "бутун төшөгүнө ылайык" сунган эмес. Ал эми евро киргенден кийин, билгендердин айтымында, мамлекеттин чыгымдары, мамлекеттик сектордогу айлык акы карыздын эсебинен эле өсө берген.

Өкмөт жеке сектордон жана банкттардан баалуу кагаздардын ордуна үстөккө алган карызынын 14,4 миллиард евросун ушул жылдын 20-мартына карата төлөп берүүсү керек. Казынада мынчалык каражат жок болгондуктан, өкмөт банкрот болуп калбашы үчүн аны кайра эле кредиторлордун эсебинен төлөйт, же "биринин шапкесин экинчисине" кийгизет.



Тышкы карыз көбөйүп кетти, алынган акча сарамжалсыз сарпталып жатат, келечек муундун чөнөтүгүнө кол салбайлы деген сыяктуу тынчыздануулар Кыргызстанда ар кандай деңгээлде утур-утур айтылып калат.

Грециянын мисалы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн кандай сабак боло алат? Биз бул суроону экономист Айылчы Сарыбаевге жолдодук:

Жеке сектор, банктар мамлекеттин баалуу кагаздарын сатып алгандыктан, мамлекет аларга карыз болуп калган. Банктар болсо ушунун эсебинен жашап келишкен. Алар да буга кызыкдар болушуп, акчасын реалдуу экономикага салбастан, мамлекеттин баалуу кагаздар үчүн төлөнүүчү үстөгүнүн эсебинен киреше табууга ык алышкан. Демек акчаны реалдуу секторго жумшабастан, мамлекеттик баалуу кагаздар үчүн ашыкча сарптай берсе, мамлекет да карызга батат, баалуу кагазды алган банкттар да банкрот болот экен. Грециянын мисалында мына ушул жараян далилденүүдө.

Грек кризиси Европаны бейпайга салгандан бери байыркы элдин урпактарын “жатып ичээр жалкоолор, даярга тап” деп бир чети шакаба чеккен, бир чети айыптаган сөздөр да айтылбай койгон жок.

Атүгүл Европанын Грецияга жардам көргөзүүчү атайын коруна каражат төгүүдөн баш тарткан эки өлкөнүн бири – Чехиянын президенти Вацлав Клаус жергиликтүү “Pravo” гезитиндеги маегинде “Ар бир өлкө тандоого укуктуу. Биз бадалдын көлөкөсүндө көбүрөөк отуруп узо [грек шарап] иче беребиз же көбүрөөк иштейбиз”,- деп айтып жиберген. Профессор Валли Куби “Азаттык” менен маегинде мындай дооматтарга төмөнкүдөй жооп узатты:

-Мен гректер жалкоо дегенге макул эмесмин. Алар жалкоо болуп калган. Алар капыстан келген байлыктан улам жалкоо болуп калышты. Жеке сектордун ишине тартылгандар, дүкөнчүлөр, дарыгер же адвокат өңдүү кесип ээлери талыкпастан эмгек кылышат. Бирок өкмөттүн кызматында иштегендер өтө жалкоо. Мунун себеби алардын айлыгында жаткан. Алар натыйжа берүүгө эмес, узак жылдар боюу гана иштөөгө умтулушат.

Азыр Европада бирдиктүү акча - евро өнүккөн индустриялуу өлкөлөрдү жана агрардык мамлекеттерди эле эмес, менталитети ар башка элдерди бириктиргени жаңылыштык болгон, муну учурунда эч ким эске алган эмес, деген пикирлер арбын айтылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG