Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

"Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар" аттуу жаңы баптеманын алкагында адамзат жамаатынын өнүгүшүнө жаңы из салып, тарыхый бурулуштун башатында турган эчендеген улуу инсандар тууралуу берүүлөр сериясын баштайбыз. Анын алгачкысы Америка кошмо штаттарынын айтылуу президенти Жон Кеннедиге арналмакчы.

1963-жылдын күзү. Ноябрь айынын 22си. Техас. Американын эң эле түштүк тарабындагы чоң шаарлардын бири Далласта бул күнү дале кудум жай мезгилдегидей куйкалаган ысык болду. Ошол күнү Далластын эли жапырт жаңылыкка кулак түрүп, Американын 35-президенти, болгонда да эң жаш, бирок жаш болгонуна карабай аябагандай авторитеттүү лидери Жон Кеннеди шаарга келет деп абдан дүрбөп алган. Көчөлөргө эл толуп, полицейлер шаарды кара таандай каптап кеткен. Анын үстүнө Кеннедилердин тукуму ар дайым гезит бетинен түшпөй, эл оозунда аңыз болуп калган үй-бүлө эле. Президенттин атасы Жозеф Кеннеди Американын бай десе бай, атактуу десе атактуу адамдарынын бири катары саналып, президент Франклин Рузвельттин кол алдында иштеген, Бостон шаарына мэр болгон адам эле. Ал эми иниси Роберт Кеннеди башкы прокурор, дагы бир иниси Эдвард Кеннеди Массачусетс штатынан шайланган сенатор болгондуктан 35-президентти өз көзү менен көргүсү келген адамдардын саны чынында да өтө эле көп эле...

Албетте, ал күнү эч ким Американын тарыхындагы эң бир драмалуу окуяга күбө болоорун ойлобосо да керек. Бирок дал ошол күнү үстү ачык лимузинде тосуп чыккан элге жарык маанай менен кол булгап, эч нерседен капары жок өтүп бараткан Кеннедиге тарс деп ок жаңылды... Бири көк желкесине, экинчиси так маңдайына тийген октон Америка президенти бир шалак этип алып, анан жанында отурган келинчеги Жаклиндин колуна жыгылды. Машинеде чогуу отурган Техас губернатору Конелли ок тийсе да, ажалы жок экен, кийин тез эле сакайып кетти. Ал эми оор жарадар болгон президент болсо ооруканага эми жакындап келгенде жан берди...

Бул кабар Америкага эле эмес, бүтүн дүйнөгө ок учкандай заматта таралып, жапжаш болсо да дүйнөнүн улуу мамлекетинин бирине жетекчи болгон Кеннедиге чын ниетинен кайгырбаган эч ким болгон эмес.

Адам баласы ушундайча жаралып калса керек - ошол күндөн баштап эл-журт мамлекет башчысынын жасаган иштерин, аткарган кызматын, тарыхтагы ээлеген ордун кайра жандырып карап, ансайын Жон Кеннединин тарых алдындагы опол тоодой орду, эч качан унутулбай турган эмгектери бар экени эске түшө баштады.

Албетте, ал күнү мекендештери Жон Кеннеди мурунку президент Дуайт Эйзенхауэрдин ордун басам деген кандидат Ричард Никсонду оңой эле жеңип алганын, атактуу Гарвард университетин бүткөнүн, жапжаш эле курагында сенатор да, конгрессмен да болгонун эстешти. Ошол күнү америкалыктар дал ушул Жон Кеннеди СССР менен дүрт деп тутанганы калган ядролук согушту 1962-жылдын октябрында дипломатиялык жол менен токтотууга акылы да, саясий эрки да жеткенин ыраазычылык менен эстешти. Фидель Кастро жетектеген коммунисттик Кубаны ташын талкан кылып бомбалайбыз деген согушчандардын тизгинин кагып, СССР менен, анын жетекчиси Никита Хрущев менен жакшы мамиле түзгөнгө үлгүргөнүн, айрыкча Батыш Берлинде сүйлөгөн “Мен да бүгүн берлиндикмин” деген атактуу сөзүн эстешти америкалыктар...

Бирок америкалыктар эле эмес, бүткүл дүйнөнү ойго салган бир сөзү тарыхка алтын тамга менен жазылып калды десек эч бир жаңылбас элек. Ал сөз Жон Кеннединин президенттик милдетке киришээр алдындагы инаугурациялык сөзү эле...

“Дүйнө тарыхында эркиндик, азаттык деген ыйык дөөлөттөрдү эң кыйын деген кезеңдерде сактап калган муундар дале болсо сейрек, - деп баштады сөзүн Кеннеди. - Мен, маселен, ошол сыяктуу улуу жоопкерчилик мойнума жүктөлүп калса, андан эч бир кайра тартпас элем да, тайсалдабас элем. Ошондуктан, урматтуу мекендештерим, мен силерге, баарыңарга, бир гана суроо узатмакчымын. Билем, силер баарыңар Америка мага эмне жакшылык кылып койду деп дайыма суроо коёсуңар, а бирок “а мен Америка үчүн, мекеним үчүн эмне жакшылык кылдым, эмне кызмат аткара алдым?” деген суроону керт башыңардын алдына коюп көрдүңөрбү?”

Бул - өмүрү күтүүсүздөн үзүлгөн, туура 46 жашында окко учкан легендарлуу президент Жон Фицжеральд Кеннединин эң улуу сөздөрүнүн бири эле.

Айткандай эле, өз Мекениңден бир нерсе талап кылыш оңой экен, бирок ага ак ниетиңден кызмат кылышка, оорун колдон, жеңилин жерден алышка ар дайым куштарлык, ошол ыйык милдетти сезе билүү - өзүн чыныгы мекенчил, нака патриот деген ар бир инсандын ыйык милдети окшобойбу...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG