Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Союзбек Салиев дүйнөлүк саякаттан кайтып келди


Союзбек Салиев менен Йонас Жукнус.
Союзбек Салиев менен Йонас Жукнус.

Быйыл августта дүйнөлүк саякатка аттанган кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев жана анын литвалык кесиптеши Йонас Жукнус 27-октябрда Бишкекке келишти. Аларды аэропорттон мекендештери жана журналисттер тосуп алышты.

Салиев менен Жукнус 27-августта бир моторлуу Mooney Ovation-2 учагында жер шарын айланып келүүгө аттанышкан. Муну алар Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына арнаган.

Учкучтар Тынч океанды, Атлантика океанын, Араб чөлдөрүн, Африка саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дарыясын, жалпы жер шарын 50 күндө айланып келүүнү пландашкан. Долбоор “Көчмөн кыргыз” деп аталат.

XS
SM
MD
LG