Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:37

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: Альберт Эйнштейн


Альберт Эйнштейн америкалык окумуштуулардын жыйынында лекция окууда. АКШ, Питсбург, 1934-жылдын 28-декабры.

Альберт Эйнштейн америкалык окумуштуулардын жыйынында лекция окууда. АКШ, Питсбург, 1934-жылдын 28-декабры.

ХХ кылымдын эң эле улуу илимий жетишкендиктери, анын эң эле ири өкүлдөрү, жалпыга таанымал символдору тууралуу сөз кылганда эң биринчилерден болуп Альберт Эйнштейн эске келет. Ал ачкан физика илиминдеги маанилүү ачылыштар, окумуштуунун илимге эле эмес, жалпы маданияттуу адамзатка тийгизген зор таасири тууралуу айтып отурсак - бул бүтпөй турган чоң тема. Аппак чачы шамалга сеңселген, англис тилинде немистердин каткалаң акценти менен сүйлөгөн, физикадан тышкары музыка менен адабиятты, айрыкча философияны жанындай көргөн, улуту еврей, өзү чыканактай болгон бул адам жаңы илимий доордун символуна, терең акылдын, бай интеллектин жандуу образына айланды десек жаңылбайбыз.


Чынында да дүйнө тарыхына Альберт Эйнштейн илимде революция жасаган улуу ойчул, Ньютон түзгөн физиканы кайра карап чыгууга мажбур кылган залкар окумуштуу катары кирди. Ал ХХ кылымдын мактанычына да, трагедиясына да айланган атом бомбасын жасаганга түздөн-түз тиешеси болду. Ошону менен бирге Эйнштейн өз авторитетин пайдаланып, Палестинада еврейлердин мамлекетин, азыркы Израиль мамлекетин түзүүгө түздөн-түз таасирин тийгизди.

1948-жылы Израиль мамлекет катары жаңы эле түзүлгөндө жөөттөр аны президент болуп бериңиз деп суранып да көрүштү. Окумуштуу андан баш тартты. Деле Эйнштейн жана сионизм маселеси - азыр да тарыхчылардын арасында көп талкууланган, кызуу талаш туудурган маселе.

Албетте, Алберт Эйнштейндин ысмын ааламга таанымал кылган негизги эмгек - анын салыштырмалуулук теориясы деген илимий ачылышы болду. Бул теория дал ХХ кылымдын башында, тагыраак айтканда 1905-жылы жарыкка чыкты. Окумуштуулар арасында кызуу талаш-тартыштар пайда болгон кезде, атактуу физик Гейзенбергдин мындай деп айткан кызык сөзү бар. “Бул, албетте, көп нерселерди астын-үстүн кылган теория. Бирок эмки маселе - ошол теория кандай жаңы идеяларга жол ачат - кеп ушуну түшүнүүдө калды” деген экен окумуштуу.

Электромагнетизм, Броун кыймылы сыяктуу тармактар менен бирге Эйнштейн бизди курчап турган ай-аалам, чексиз дүйнө, анын келип чыгышы, кандайча ушинтип жаралып калганы, башкача айтканда космология тууралуу бир катар маанилүү гипотезаларды калтырып кетти. Ошонун негизинде Чоң Жарылуу (англисче “Big Bang” деп аталат), жарыктын ылдамдыгы сыяктуу жаңы илимий тармактар пайда болду. Бул маселенин бир жагы. Бирок Эйнштейндин илимий мурастарынын бир кызык жери — анын ойлорун жана гипотезаларын эксперимент түрүндө далилдеш же четке кагыш өтө татаал нерсе. Ошондуктан Эйнштейндин теориясы тууралуу талаш-тартыш ошол кезде кандай кызуу болсо, азыр да бүтпөй келет.

Альберт Эйнштейндин атын бүткүл адамзатка дайын кылган салыштырмалуулук теориясын жан дили менен жактагандар, жерге-сууга тийгизбей мактагандар өтө көп. Алардын арасында Стефен Хоукинг, Иоффе, Сахаров сыяктуу илимдин алптары бар. Бирок Эйнштейндин катардагы оппоненттери, анын ар бир тезисин сындагандар, катасын чукугандар физиктердин жана математиктердин арасында огеле көп. Маселен, бир топ эле белгилүү орус окумуштуусу Н.А.Жук бир нече жылдан бери жалаң Эйнштейнди сындоо менен алек. Анын айрым эмгектери, атап айтканда “Жүз жыл адамзаттын башын айланткан Эйнштейн” деген эмгеги Интернетте да турат, китеп болуп басылып да чыккан. Ошол эле Интернеттен Эйнштейндин 12 маанилүү катасын чукуган катардагы бир физиктин да жазгандарын алып окууга болот. Ал эми таланттуу кыргыз физиги Самат Кадыровдун Эйнштейнди сындаган эмгеги 90-жылдары жарыкка чыгып, коомчулукта бир катар жандуу талаш-тартыштарды жаратканы, анын жазгандары натуура экендигин далилдеп академик Аскар Акаев атайын илимий доклад менен чыкканы жакшы белгилүү.

Албетте, илим эч качан бир орунда турбайт, ал өсүп-өнүгүү процессинде жашайт. Бир кезде Птоломей жердин бети жалпак, Күн жана башка планеталар Жердин айланасында тегеренет деп келсе, кийин Коперник гелиоцентристтик окууну таратканын баарыбыз билебиз. Ньютондун физикасын болсо биз сөз кылып жактан Эйнштейн түп тамырынан өзгөрттү. Убагында Карл Линнейди Ламарк сындаса, ал эми Ламаркты Чарльз Дарвин жокко чыгарган, оңдоп-түзөгөн. Азыр болсо дарвинизмди, башкача атйканда эволюциялык теорияны жокко чыгарган окумуштуулар дүйнөдө толтура. Илим, прогресс деген ошол. Кептин баары ошол илимий прогресске жем таштап, адамзатты алдыга карай жетелөөдө тура. Ошондой окумушттуулардын бири, биз сөз кылып жаткан гениалдуу окумуштуу, кайталангыс инсан, чыныгы интеллигент Альберт Эйнштейн болуп саналат.

Эйнштейн физик болгону менен аябагандай мадниятка жакын адам болгон. Ал жан дили менен берилип уккан композитор Амадео Моцарт экен. Өзү да кыл кыякта жакшы ойноп, ал эмес окумуштуулар арасында музыкалык кечелер өткөргөнү белгилүү. Ал эми адабиятта анын эң сыйлаган жазуучусу Федор Достоевский деп эсептелет.

Эйнштейн эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Милева Марич өтө мыкты математик, Эйнштейнге көп нерседен жардам берген окумуштуу болгон деген кептер бар. Бекер жеринен Эйнштейн Нобель сыйлыгын алганда бүт акчасын эбак ажырашып кеткен биринчи аялы Маричке бербесе керек. Экинчи аялы Эльза болсо Эйнштейнге туушкандык жайы болуп, бир топ эле жакын эле жээни экендиги белгилүү. Биринчи аялы өзүнөн төрт жаш улуу болсо, экинчиси үч жаш улуу болгон.

Аңгемебиздин акырында Эйнштейн жана атом бомбасы тууралуу маселеге аз да болсо токтоло кетели. Фашисттик Германия ядролук куралга ээ болсо адамзаттын тагдыры кандай болот деп кооптонгон Эйнштейн 1939-жылы АКШ Президенти Франклин Рузвельтке атайын кат менен кайрылып, Америка бул тармакта илимий иштерге кенен жол ачышын суранганы белгилүү. Бирок согуш аяктап, эң биринчи бомба Нагасаки менен Хиросимада жарылгандан кийин Эйнштейн өзүн аябагандай күнөөлүү сезип, өмүр бою кайгырганын, аябагандай азап чеккенин баары айтышат.

Бул чынында да Эйнштейн-физиктин, гуманисттин эң чоң трагедиясы эле. Атом бомбасы азыр да адамзаттын эң бир баш ооруткан татаал проблемаларынын бири экендигинде шек жок. Бул тири укмуш куралдан адамзат канткенде арылат, деле арыла алабы, жокпу - бул өтө оор маселе. Азыркы учурда атомдук куралдын запасы аябагандай көп. Эгер ал жарылса, жер шары чыныгы муз дооруна кабылып, адамзат цивилизациясынын кыйрашына алып келээри эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан Эйнштейн: “Эгер үчүнчү дүйнөлүк согуш атамдук согуш болсо, анда ал адамзат үчүн эң акыркы согуш болот” деп бекер айтпаса керек.

Альберт Эйнштейн адегенде Германияда туулуп, бирок фашисттер бийликке келгенден кийин Америкага кетип калган. Ошентсе да ал АКШнын атуулу катары эмес, өзүн жалпы адамзаттын уулу, планетанын атуулу катары караганы жакшы маалым. Ошондуктан ал эң акыркы керээзинде сөөгүн жерге көмбөй, кремация жасатып, анан абага чачып жибергиле дегени да бекеринен болбосо керек.

Айткандай эле улуу окумуштуунун узатуу сапарына 12 гана эң жакын деген адамдары катышкан. Эч кандай расмий иш-чара болгон эмес. Кийинчерээк маркумдун бир ууч күлүн анын Принстондогу чакан дачасынын багына чачып жиберишкен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG