Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08
Атактуу философ жана тарыхчы Освальд Шпенглер Европанын бери болгондо үч миң жылдык цивилизациясы тууралуу терең ой жүгүртүп келип, бул континенттей ич ара тыгыз ширелишкен, ошону менен бирге карама-каршылыктары чачтан көп континент эч жерде жок деп айткан сөзү бар. Айткандай эле бул континенттин маданияты байыркы эллиндер менен римдиктердин руханий мурасынан азыктанса да, миңдеген жылдар согуш менен кырылыштан башы чыккан жок.

ХХ кылымда эле эки дүйнөлүк согуштун оту Европада тутанды, Англия менен Франция жүз жылдап согушту, алсыз-күчсүз калктарды талап-тоноо, алыс менен жакындагы улуттарды колонияга айлантуу да ушул Европадан чыкты. Жогоруда аты аталган Шпенглер да “Опосуз Европа” деген классикалык эмгегин ошон үчүн жазса керек.

Ошону менен бирге Европа деген сөз - улуу цивилизация, зор маданият деген сөз го. Ушул континенттен чыккан Сократ, Уильям Шекспир, Людвиг ван Бетховен, Лев Толстой сыяктуу дөө-шаалар дүйнө маданиятын аябагандай байытты. Спиноза, Руссо, Вольтер, Достоевский, Ницше сыяктуу ойчулдар, философтор Европаны эң бир ачуу сөздөр менен сындашты; алардын негизги идеясы - биригүү идеясы, консолидация идеясы болду, эң катуу эңсегени - эркиндик жана демократия эле.
Ошол тилек 1992-жылы ишке ашып, атактуу Маастрих келишиминен кийин европалыктар акыры чындап эле бир экономикалык шериктештикке баш кошту; бир түрдүү акча жүгүртүп, мыйзамдарды бир нукка салып, ал гана эмес жалпы европалыктар ырдай турган гимнди да кабыл алышты.

Азыр Европа Шериктештигинде 27 мамлекет бар, калкынын саны жарым миллиарддан ашуун. Мурунку замандарда нечен кылым кырды бычак болгон душман болгон мамлекеттер да азыр бир ыкка ыктап, достук менен бир туугандыкты иш жүзүнө ашырууга болгон аракеттерин жасап жаткан кездери.

Ырас, европалыктар ызы-чуу түшүп талашкан маселелер толтура, анын үстүнө азыркы таптагы экономикалык кризис баш ооруткан маселелерди ого бетер арбытып таштады. Бирок европалыктарды эч кандай ызы-чуусуз, бир добуштан кабыл алган жалгыз гана маселе болду окшойт, ал - гимн маселеси болду. Ал гимн 1823-жылы Улуу Француз революциясынын таасири менен жазылган Людвиг ван Бетховендин атактуу 9-симфониясындагы бир үзүндү эле. Ал эми сөзү андан да мурун, атап айтканда, 1785-жылы улуу немис акыны Фридрих Шиллер жазган “Кубаныч даңазасы” аттуу ода болчу...





9-симфонияны Людвиг ван Бетховен кулагы таптакыр дүлөй болуп калган кезде жазды. Өзү жазган музыканы өзү уга албаса да, ар дайым уруш менен талаштан башы чыкпаган бул адамзат качан өз ара кепке келет, качан жер үстүндө тынчтык орноп, ар кайсы улуттун элдери ынтымак менен ырашкерликте, достук менен бир туугандыкта жашайт деген тилек менен, романтикалык кыял менен жазган экен бул чыгармасын.

…Симфониянын эң алгачкы премьерасын Бетховен өзү дирижерлук кылып, чыгармасын угуп отурган эл укмуштуудай зор кубаныч менен кабыл алган дешет анын замандаштары. Бирок залдагы сүйүнгөн, дүркүрөтө кол чапкан элди кулагы таптакыр укпай калган Бетховен эч бир сезбей, оркестр менен коштошуп чыгып баратканда кокусунан көрүп калып, өзү да театрдагы кубанганынан жер тепкилеп сүйүнгөн публикага абдан таң калган экен.

Ошондон кийин Шиллердин ырындагы:

Жоголсун арабыздан араздашуу,
Жашасын кучак жайып, саламдашуу! -
деген сыяктуу жалындуу сөздөрү Бетховендин симфониясындагы негизги идеяга айланып, 9-симфония аны түшүнгөндөр үчүн адамзатты бириктирүүнүн музыкалык символу катары саналып калган экен.

1992-жылы Бетховендин ошол тилеги ишке ашкандай болду. Европа Шериктештиги расмий түрдө түзүлүп, жалпыга бирдей конституция кабыл алынып, эч качан баш кошуп көрбөгөн Европа чындап эле баш бириктирди. Ошондо улуу композитор, адамзаттын руханий алптарынын бири Людвиг ван Бетховендин эч кандай гимн жазам деп ойлобой туруп жазган, болгондо да симфония үчүн тематикалык кыстырма катары жазган чыгармасы бир добуштан Европанын гимни, эң негизги музыкалык символу катары кабыл алынды.

Европа Кеңешинин атайын тапшырмасы боюнча атактуу дирижер Герберт фон Караян улуу композитордун бул чыгармасын атайын иштеп чыгып, үч түрдүү музыкалык вариантын сунуш кылды.

Мынакей, Европа бир шериктештикке баш кошкондон бери 20 жылдан ашуун убакыт өттү. Европалыктар талашкан-тартышкан маселер толуп атат, ал гана эмес бул шериктештиктен чыгып кетебиз деп коркуткандар да чыгууда, бирок Людвиг ван Бетховендин музыкалык генийинен жаралган, ХIХ кылымдагы романтизмдин жаркын чыгармасы эсептелген бул чыгарма ар бир уккан сайын терең мазмуну, зор философиялык масштабы, жөнөкөйлүгү, ошону менен бирге укмуштуудай кооздугу менен ар бир адамды таң калтырып келет.
XS
SM
MD
LG