Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Элвис Пресли - рок-н-ролл падышасы


АКШ -- Элвис Пресли күйөрмандарынын курчоосунда. Голливуд,1958.
АКШ -- Элвис Пресли күйөрмандарынын курчоосунда. Голливуд,1958.
Ар бир доордун өзүнө жараша маданий коду, символдору, калк кастарлаган кумирлери болот тура. Маселен, байыркы дүйнөнүн маданий ажарын ачкан, артынан не бир улуу ойчулдар менен өнөр адамдарынын илхамына жем таштаган улуу инсандар Софокл менен Еврипид, кийинки Рим доорунда Данте менен Бокаччо сыяктуу алптар экен.

Орто кылымдардын эч качан бүтпөгөн легендасы жана баш катырган табышмагы -Чыңгыз хан болсо, ХIХ кылымдагы Европанын карысы да, жашы да оозунан түшүрбөй сыйлаган кумири же чокунган идолу Наполеон Бонопарт, ал эми маданият менен интеллектуалдык чөйрөдө Байрон болуптур. Атактуу романтизм доорунун санжыргалуу идеалдары, легендасы менен эң эле таанымал символдору негизинен ушул экөө экен. Албетте, Бетховен менен Шопенди же Жорж Санд менен Лермонтовду да эч ким улуу романтиктердин тизмесинен өчүрө албайт…


Элвис Пресли - рок-н-ролл падышасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:45 0:00
Түз линк



Биздин ХХ кылымчы? Бир карасаң таң калаарлык көрүнөт, бирок телевидение менен кино, радио менен үн жазуу технологиясы “массалык маданият” деген феноменди жаратты, бул маданият биздин жашоо стилибизди, ал гана эмес жүрүш-турушубузду түп тамырынан өзгөрттү. Ошондуктан атактуу дирижер жана чыгаан композитор Леонард Бернстайн “Биттлз” (Веаtles) группасын музыкадагы “монстр” деп деп бекер жеринен айтпаса керек.

АКШ -- Элвис Пресли концертте,1972-жыл.
АКШ -- Элвис Пресли концертте,1972-жыл.
Айтса-айтпаса, “Биттлз” группасы чынында да ХХ кылымдын экинчи жарымынын музыкалык символдорунун, ал гана эмес маданий коддорунун бири экени кашкайган чындык; Жон Леннон менен Пол Маккартни биздин музыкалык табитибизге, ал гана эмес кийген кийимибизге, жүрүш-турушубузга чейин таасирин тийгизди.

ХХ кылымдын ошондой бүт дүйнөгө белгилүү музыкалык символдорунун бири, рок-н-ролл деп аталган массалык музыканын кудайы - америкалык ырчы Элвис Пресли болгон. Элвис 1935-жылы Американын түштүгүндө, Миссисипи штатында туулуп, бала кезинен өңү кара америкалыктар менен, Мексикадан келген мигранттар менен аралаш өсүптүр. Ырчылык таланты бала кезинен эле билиниптир. Уулу үйдө, көчөдө ырдай калганда апасы абдан сүйүнүп, бирок ырдоо манерасын анча жактырбай, чын ниетинен “уулум, башкалардай эле ырдаганга үйрөнсөңчү” дегендей кеп-кеңешин берип калчу экен. Бирок кийин Элвистин дал ошол ырдоо манерасын, ошол үнүн элдин баары жактырып, өсүп-чоңойгон Мэмфис шаары эле эмес, бүт Американын жаштары Элвисти туурап ырдай баштаганда апасы чындап эле таң калган экен.

Ошол Элвис кийин Голливудга, башкача айтканда Американын маданий борборуна, шоу-бизнестин нака кайнаган жерине келип жайгашып, катардагы ырчыдан бүт Америка менен Европа сыйынган эстрада кумирине чейин жеткен. Ырчы да, актер да, ал гана эмес аскер кызматын өтөгөн катардагы жоокер да болуп, дүйнөлүк атак-даңк, батпаган акча, эсепсиз байлык деген эмне экенин керт башынан кечирип, акыры баңги заттын айынан, начарлап кеткен ден соолугунан 42 жашында каза болгон.

Элвисти Элвис кылган үч нерсе болгон дешет анын биографтары: биринчиси, албетте, анын табият берген зор таланты, экинчиси - телевидение жана магнитофон, үчүнчүсү - Американын ээ-жаа бербеген шоу-бизнеси.

Элвисти тирүү кезинде эле “король” (англисче the King) деп аташчу экен, себеби үнү да башкача, ырдоо манерасы да эч кимге окшошпой, сахнадагы кийген кийиминен баштап ырдаган ырларынын тематикасына чейин дүйнөлүк шоу-бизнеске кандайдыр бир жаңы стиль киргизген, ошонусу менен элге таанылган ырчы болгон.

Демейде Элвис Преслинин ырчы катары негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары Америка менен Африканын маданияттарын айкалыштыра билгенин айтышат. Ошону менен бирге Элвистин ырчылык репертуары “кантри” деп аталган музыканы, диний темадагы ырларды, неополитан ырларын камтыган бай репертуар болгон.

АКШ -- Президент Ричард Никсон ырчы Элвис Пресли менен учурашып жатат. Вашингтон, 1970.
АКШ -- Президент Ричард Никсон ырчы Элвис Пресли менен учурашып жатат. Вашингтон, 1970.
Элвистин атак-даңкы, дүйнөлүк аброю ушунчалык зор болгондуктан АКШнын президенти Ричард Никсон аны менен атайын жолугуп, жаңы муундун жаштарын жакшы жакка тарбиялоого жардам бериңиз деп суранган.

Албетте, атак жана акча, ошону менен бирге наркотик, башкача айтканда баңгизат Элвистин жеке турмушуна терс таасирин тийгизди. Алгачкы махабаты, биринчи аялы менен ажырашууга туура келип, кайрадан үйлөндү. Бирок эмнегедир ушул окуя Элвис Преслиге абдан терс таасир этип, анын назик жүрөгүн катуу жаралап, ошондон кийин бангизатты колдонгону да күчөп кеткен дешет анын биографтары.

Кинодогу ролдор, күн сайын сахна, күйөрмандардын күткөнүн актоо үчүн жан-талашкан аракет, чыгармачыл изденүү, артынан калбай сагалаган фанаттар, үй-бүлөсүндөгү ыйкы-тыйкылар… Жаш болсо да Элвис Пресли бул оор түйшүктү көтөрүүгө кудурети жетпеди. Ден соолугу да күн сайын берилген концерттерден улам абдан начарлады. Врачтардын айтканына караганда, акыркы күндөрү көзүндө глаукома пайда болуп, кан басымы аябагандай жогорулап, боору иштен чыгып, көк боору чоңоюп кеткен экен.

Ошентип Американын маданий кумирине айланган, дүйнөдөгү эң эле атактуу музыка чеберлеринин бири катары таанылган улуу ырчы Элвис Пресли 42 жашында туулуп-өскөн шаары Мэмфисте каза болду. Преслини узатууга 80 миң киши катышып, бүт Америка аза күткөн дешет. Бирок Элвис азыр да рок-н-роллдун кудайы катары саналат, анын The King деген аты эч бир өчкөн жок…

XS
SM
MD
LG