Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Президент Атамбаев жаңы Баш мыйзам жарыялоону талкуулады


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамдын жаңы текстин жарыялоо боюнча өзүнүн аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовдун маалыматын укту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Фарид Ниязов 11-декабрдагы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын расмий текстин жарыялоо боюнча жумушчу топтун иши тууралуу президентке маалымат берген. Ниязовдун билдиришинче, жумушчу топ ишин жыйынтыктап, Баш мыйзам текстин жарыялоого даярдык көрүүдө.

«Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам 15-январда күчүнө кирген. Ал күчүнө киргенден кийин Баш мыйзамдын тексти 14 күндүн ичинде жарыяланышы керек.

Президент Атамбаев бул ишти өтө кылдаттык менен аткарууну тапшырды.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон.(BkA)

XS
SM
MD
LG