Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: Мартин Лютер Кинг


Мартин Лютер Кинг таламдаштарынын алдында сүйлөп жатат. Вашингтондогу Линкольн мемориалы жайгашкан аянт, 1968-жыл.

Мартин Лютер Кинг таламдаштарынын алдында сүйлөп жатат. Вашингтондогу Линкольн мемориалы жайгашкан аянт, 1968-жыл.

"Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар" баптемасында бул жолу америкалык атактуу укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын ээси, окумуштуу жана публицист Мартин Лютер Кинг тууралуу сөз кылабыз.

...Бул окуя 1963-жылы Вашингтон шаарында болду. Август айынын аптаптуу мезгили эле. Ал күнү Авраам Линкольн мемориалы деген тарыхый комплекс жайгашкан аябагандай чоң аянтка эл ар кайсы тараптан агылып келип жатты. Негизинен өңү кара элдер, арасында ак жүздүү америкалыктар да көп...

Бул күнү бир нече ай мурун Американын түштүк шаары Мемфистен башталып, анан ири масштабдагы көчө демонстрацияларына айланган каралардын, жөнөкөй айтканда, негрлердин маршы акыры борбор шаар Вашингтонго жеткен эле. Элдин жапырт нааразылыгын жараткан бул жүрүштүн себеби - адатка айланып кеткен расалык ажырым, башкача айтканда, расалык сегрегация, актар менен каралардын ичкен тамагынан баштап, отурган автобустарынан бери, ресторан, кафелерден бери эки башка болуп кеткенинде эле. Ку-клукс-клан аттуу расисттердин уюму өңү кара америкалыктарды ачыктан-ачык кордогонго барчу.

...Мынакей, баш-аягы көрүнбөгөн чоң көчөгө 200 миңден ашуун адам топтолду. Кыска кириш сөздөн соң кеп кезеги коомдук ишмер, америкалык каралардын укугун, жалпы эле адам укугун коргогон, чечендигине ченем жок дин кызматкери Мартин Лютер Кингге жетти.

“Мындан жүз жыл башта эмансипация тууралуу чакырыкка бир ушу азыр символикалуу көлөкөсүндө турган Авраам Линкольн кол койгон эле”, - деп баштады сөзүн Кинг. - Бул тагдыр чече турган жарлык жүз жыл башта жарыяланып, миллиондогон негр кулдардын үмүтүнө үмүт кошкон эле. Адилетсиздиктин сормо сазынан чыгарууга жол ачкан болчу. Ар жарлык үмүт отун жандырып, кубанычтын кучагына батырган эле. Мына, андан бери жүз жыл өттү, бирок негрлер дале болсо ээн-эркин жашай албай келет”, - деп улантты сөзүн Мартин Лютер Кинг.

Биринчи эле минутадан баштап казганактап турган элди өзүнө тартып алган Кинг байлыгы ташып, ар тарабынан өнүгүп-өскөн Америкада дале болсо негрлер өзүн актардан кем сезип, өз мекенинде өгөй болуп жашап атканына токтолду. Сөзүн андан ары ар бир адамды кудай жарата турганын, кудай алдында ар бир эл, улут - акпы, карабы - баары тең экендигин белгиледи. Сөзүнүн акырында бүт дүйнөгө таралып кеткен: “Менде бир кыял бар” (I Have a Dream) деген атактуу импровизациясын укмуштуудай күч менен, ташка тамга баскандай кылып туруп калайык-калкка жар салды.




“Менде ушундай бир аздек туткан кыял бар, - деп улантты сөзүн Мартин Лютер Кинг. - Ал кыял Американын эзелтен бери келаткан эң бир асыл кыялы менен тамырлаш. ...Мен, атаганат, кайсы бир күнү баарыбыз жараткандын тең жаралган кулундары экендигибизди сезсек ээ, деп кыялданам. ...Менин төрт балам да адамдар бири-бирине өңү-түсүнө эмес, кыял-жоругуна, мүнөзүнө карата мамиле кылган өлкөдө жашаса деп кыялданам. ...Бир столдун үстүндө бирге даам сызып, жакшы-жаманда чогуу болуп, эркиндик үчүн, азаттык үчүн чогуу күрөшүп, ал үчүн керек болсо түрмөгө да чогуу түшсөк ээ, деп кыялданам”, - деп сүйлөдү Мартин Лютер Кинг.

Анын аябагандай эмоциялык күч менен айтылган, жүрөгүнүн толтосунан жанар тоо сыяктуу атырылып чыккан сөзү кылкылдаган элди дуу дедирди. Уккандардын ой-кыялын алда кайданы көздөй алып учту. Өңү кара болгону менен жүрөгүндө жалы бар, тилинде мөөрү бар оратордун бул айткандары баарыдан мурун кара кылды как жарган акыйкаттыгы менен, адилеттиги менен бүтүн Американы селт эттирди. Америка эле эмес, дүйнө селт этти. Адилетсиздиктин пардасы баары бир сыйрылаары, кыңыр иш кырк жылда билинээри чынга чыкты.

Ошол сөздөн кийин Америка дагы бир жолу расизмдин узак уйкусунан чочуп ойгонгондой болду. Бирок ошол күндөн баштап расисттер Мартин Лютер Кингди кантип жок кылуунун жолун ойлоп, тишин кайрай баштады. Адам укуктары үчүн өмүрүн сайган күрөшчү, ошол талыкпаган күрөшү үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон окумуштуу, публицист, орошон оратор Мартин Лютер Кинг 1968-жылы 4-апрелде балкондо турган жеринде снайпердин огунан 39 жашында мерт болду...

Айтор, Америка адам укугун туу туткан демократиянын үлгүсү болуш үчүн узак, татаал жолду басты. Ал үчүн актар да, каралар да нечен жылдар талыкпай күрөштү. Ич ара согуштун даамын татты. Адегенде адам сатып, Африкадан келген караларды кул катары иштеткен, актар отурган кафе, ресторандарга өңү караларды жолотпой жүргөн Америка акыры демократиянын бирден-бир тирегине айланды.

Ал үчүн караңгыда жол тапкан Линкольн сыяктуу саясатчылар, капылеттен сөз тапкан Кинг сыяктуу чечендер, Гелбрейт, Кейнс сыяктуу эл камын ойлогон экономисттер, Марк Твен, Уитмен, Хемингуэй өңдүү чыгаан акын-жазуучулар зор салымын кошту.

Тилекке каршы, бир катар улуу адамдар адилеттик үчүн өмүрүнөн айрылды. Авраам Линкольн бычак жеп каза тапты. Джон Кеннеди окко учту.

Бирок Мартин Лютер Кингдин өлүмү чынында да расизмдин сормо сазына терең кирип кеткен Американы узак уйкудан кеч болсо да ойготту.

Ойгонгон Америка акыры анын ысмын жогоруда аталган улуулардын биринчи катарына коюп, 1986-жылы Мартин Лютер Кинг күнү деген улуттук майрамды календарына киргизди... Бул майрам жыл сайын январдын үчүнчү дүйшөмбүсүндө эс алуу күнү, бир туугандык күнү, өз ара даам сызуу күнү катары мамлекеттик деңгээлде ар дайым майрамдалып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG