Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

Дөөлөрдүн кагылышы: Сталин менен Троцкий


Орусия -- Лев Троцкий (солдо) менен Владимир Ленин. Москва, 1920-жылдын 1-январы.

Орусия -- Лев Троцкий (солдо) менен Владимир Ленин. Москва, 1920-жылдын 1-январы.

73 жыл тарыхы бар Советтер Союзунун тарыхындагы Иосиф Сталиндин ээлеген орду өтө зор. СССР деген жер үстүнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген, 15 республикадан, 180ден ашуун улуттан куралган коммунисттик империя Ленин каза болгондон кийин отуз жыл ушул кишинин жеке бийлиги астында жашады. Балтикадан Магаданга чейин созулган учу-кыйырсыз зор мамлекет ар дайым коркуу сезими менен жашап, Сталиндин кирпиги менен тең айланды, айтканын аткарып, өл десе өлүп, тирил десе тирилди.




Карл Маркс менен Фридрих Энгельс теория түрүндө кагаз бетине жазып кеткен коммунисттик коомду практика жүзүндө курам деп адегенде Ленин, ал каза тапкандан кийин Сталин СССРдин элин камырдай жуурду, аянты жагынан дүйнөдөгү эң чоң мамлекеттин бычмачысы да, тикмечиси да өзү болду. Ѳзүн кудайдан да улук идолго айлантып, портретин Маркс, Энгельс, Ленин менен катар койдурду, генералиссимус деген наамды өзүнө өзү ыйгарды, артына дүйнөдөгү эң жаасы катуу тоталитардык коомду калтырып кетти.

Владимир Ленин менен Иосиф Сталин. Москва, 1922-23-жылдар.

Владимир Ленин менен Иосиф Сталин. Москва, 1922-23-жылдар.

Ырас, нечен курулуштар, эң зор ишканалар курулду, СССР атом бомасына ээ болду, бирок баары зордук менен, камчынын заары, бийликтин өкүмдүгү менен ишке ашырылды. Натыйжада Ленин ойлогон социализм эмес, Сталиндин жеке каалоосу менен чийилген жана бычылган советтик тоталитаризм курулду.

Сталиндин ким экенин, кандай диктатор экенин, СССРди кандай жолго салаарын өмүрүнүн акыркы күндөрүндө гана туйган Ленин болгон аракетин жасаса да, катуу оорунун, начарлаган ден соолугунун айынан аны бийликтен четтетүүгө чамасы жетпеди. Ал эми Ленин каза болгондон кийин Сталин менен тең ата сүйлөшө турган, керек болсо сындай турган, коркпой талаша турган эки гана киши бар эле - бири Лев Троцкий, экинчиси Николай Бухарин.

Лениндин көзү өткөндөн кийин Сталин адегенде өзүнүн эң негизги тең тайлашы - Троцкийден кутулууга кам урду. Аны 1929-жылы Алма-Атада жүргөн жеринен карматып келип, чет өлкөгө кубалап чыкты, кийинчерээк жан-жөкөрлөрүн “солчул уклонисттер, “троцкисттер” деген шылтоо менен кырып жок кылды. Андан кийин Бухаринге киришти. Жок күнөөнүн баарын мойнуна алып, кайра-кайра кечирим сурап, “бардык мезгилдердин жана калайык-калктардын көсөмүнүн” оту менен кирип, күлү менен чыкса да, тез эле аны да “эң зыяндуу эл душманы, троцкист” атыктырып, Ленинди жана Сталинди өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тактырып, көзүн тазалады.

Ошентип кой дээр кожосу, ай дээр ажосу жок, зор мамлекеттин башында жеке өзү калды. Айланасында жалаң Калинин, Ворошилов, Микоян, Каганович, Булганин сыяктуу эч кандай лидерлик касиеттери жок сталинисттер калды...

Суроо туулат: Сталин өзүнүн идеялык душмандары менен кандай күрөшчү эле? Эгер кыска жооп берсек, эң жакшы көргөн методу - репрессия болчу. Башкача айтканда, Сталинге же сталинизмге каршы болгондорду же түрмөгө тыгуу, же атууга өкүм кылуу идеологиялык кармаштын негизги ыкмасы эле. Деле Иосиф Виссарионовичтин эң жакшы көргөн принциби - тирүү душманга караганда өлүү душман алда канча оңойураак деген идеология эле. Бирде “чет өлкөлүк шпион”, бирде “оппортунист”, бирде “троцкист же бухаринчи” деген көөнү жаап туруп, өзү менен макул эместерди Сталин же Колыма менен Магаданга айдап жок кылды, же өзү айткандай “тап катары жоюп”, миллиондогон адамдарды репрессия кылды.

Ошондой жол менен Троцкий менен Бухаринден тартып, Киров, Фрунзе, Тухачевский сыяктуу күчтүү жетекчилерди, партиялык лидерлерди же өлтүрттү, же өлгөнгө тете кылып, провинцияга айдатып тындырды. Ал эми Всеволод Мейерхольд, Осип Мандельштам, Николай Вавилов, Лидия Русланованы, ошондой эле биздин Кыргызстандан чыккан Тыныстанов, Исакеев, Орозбеков, Абдрахманов, Төрөкул Айтматов сыяктуу репрессияланып кеткен азаматтарды айтпай эле коёлу.

Айтор “жоо аяган жаралуу” деген макал - нака Иосиф Сталиндин макалы, керек болсо принциби эле. Бул принцибинен бир гана жолу тайды - Лев Троцкийди аман-эсен чет өлкөгө чыгарып койду. Ошентип бир гана жолу “жаңылды”. Натыйжада жазуучулук жана журналисттик чоң таланты бар, үч тилде эркин сүйлөгөн, чечендигине ченем жок Лев Троцкий Сталиндин абийирин төккөн бирден-бир сынчысына айланды. Сталиндин эң биринчи душманы, уктаса түшүнө кирип, жанын тынчытпаган касы - Лев Троцкий болду. Анын жазгандарын бүт дүйнө окуп, Совет мамлекетинин Ленинден кийинки эки дөөсү бири Москвада, экинчиси алыскы Мексикада жатып алып, бири-бири менен эми идеялык жактан кармашты.

Ырас убагында Троцкий менен Ленин да нечен кур кайым айтышып, СССРдин негиз салуучусу Лев Давидовичти “иудушка” деп атаганы жакшы белгилүү. Ошентсе да Троцкийдин саясий ишмер катары кажыбас кайратын, алдына киши салбаган чечендигин, калк ичиндеги зор аброюн эске алган, эч качан эмоцияга алдырбай, иштин гана кызыкчылыгын көздөгөн Ленин аны эң биринчи тышкы иштер министри, Совет бийлигинин куралдуу күчтөрүн тейлеген комиссары кылып дайындаган. Ошол эле мезгилде Сталин менен Троцкийдин өз ара өч, бири-бирине аябагандай кызганыч экенин билген Ленин ар дайым ортодогу калыстын ролун аткарып, алардын мамилесин чоң конфликтиге жеткирбей келген эле.

Экөөнүн ортосундагы сөөк өчтүлүк Ленин каза болгондон кийин апогейине жетти. Акыры партиялык пленумдун чечими менен Сталин Троцкийди күч менен СССРден кубалап чыкты. Аттырып деле таштамак, бирок өлкөдө нааразылык акциялары башталып кетеби деп чочулаган Сталин аны Алма-Атада жүргөн жеринен карматып келип, 72 сааттын ичинде Советтер Союзунан бала-чакасы менен чыгып кетишин талап кылды.

Суроо туулат: бул экөөнүн сөөк өчтүлүгүнүн себеби эмне эле? Жооп: атактуу советолог Луис Фишердин сөзү менен айтсак, Троцкий аябагандай текебер, билимине, интеллектине катуу ишенген, Сталинден бардык жагынан тың саясатчы жана лидер болгон. Бир жаман жери өз күчүнө өтө ишенип алып, эч качан тегерегине киши топтой билбеген саясатчы экен. Ал эми Сталин жеткен кызганчаак, абдан ичи тар, мүнөзү боюнча чыныгы параноик, бирок ар дайым артынан бүтүндөй группаларды ээрчитип, саясий күч топтоп, ар кайсы маселенин практикалык жагын жакшы билген ишмер болгон, деп жазат Тимоти Шнайдер жана Шейла Фицпатрик.

Ошондой болсо да Троцкий 1940-жылга чейин аман-эсен жашады. Бир нече китептерди, эмгектерди жазды. Балким дагы жашамак, бирок анын “Лайф” журналынын заказы менен 1939-жылы жазган “Ленинди уу берип өлтүргөн Сталин болгонбу?” деген макаласы ал үчүн өлүм жазасына өкүм сыяктуу иш болду. Макалада Троцкий ага чейин эч качан оозунан чыгарбаган бир мамлекеттик сырды ачык айтып таштаган. Көрсө, экинчи жолу инсульт болгон Ленин 1923-жылы Сталинден уу дары таптырып берүүнү суранган экен. Аны чын эле Сталин Саясий бюронун Троцкий, Каменев, Зиновьев жана өзү катышкан тар чөйрөдөгү чогулушунда ортого салган эле, деп жазат Троцкий. Ушуга байланыштуу аталган макаласында ал суроо коет: Ленин Сталинден уу сураганы чын болду бекен же Сталин ойлоп тапкан кезектеги интрига беле? Троцкийдин жообу ушундай: эгер чын эле сураса, анда Ленин атайын Сталинди сынаш үчүн сураган. Эгер дароо эле таап келе калса, анда ал Ленинден кутула албай араң эле жүргөн дегенди түшүндүрмөк.

Албетте макала Батыш дүйнөсүндө сенсация катары кабыл алынды. Сталиндин аброюна терең шек кетти, эл аралык коммунисттик жана жумушчу кыймылында дискуссия башталды. Ансыз да араң чыдап жүргөн Сталин Троцкийди кандай да болсо жок кылууга буйрук берди.

Троцкийдин макаласы 1940-жылдын 10-августунда “Либерти” журналында англис тилинде жарык көрдү, ошондон туура он күндөн кийин Троцкий НКВДнын агенти Р. Меркадердин колунан Мексикада өлүм тапты.

Советтер Союзунун башында турган эки дөөнүн кагылышы ошентип кан менен аяктады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG