Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Кремлдин эркиндикти чектөөсү сындалууда


Орус полициясы нааразылыкка чыккан демонстранттарды кармап баратат, Москва, 6-май, 2012.
Орус полициясы нааразылыкка чыккан демонстранттарды кармап баратат, Москва, 6-май, 2012.

Владимир Путин Кремлге кайра келгенинин бир жылдыгын утурлай Батыштын адам укуктарын коргоо боюнча абройлуу эки уюму Орусия тууралуу жаңы баяндамасын жарыялашты. Эл аралык Мунапыс жана "Хьюман Райтс Уотч" уюмдарынын пикиринде, Орусиянын жарандык коому азыр “мурда болуп көрбөгөндөй” куугунтукка кабылууда.

Аталган эки уюм өз баяндамаларын Орусияда жарандык коом менен жарандык эркиндиктерге каршы жасалып жаткан чабуулга көңүл бурдуруу үчүн бир учурда чыгарышты.

Эл аралык Мунапыс уюмунун Европа жана Борбор Азия программаларынын директору Жон Далхуйсен “Азаттык” радиосу менен иликтөөнүн тыянактарын чечмелеп:

- Биз президент Путиндин былтыр башталган үчүнчү мөөнөтүнөн тартып ой-пикир билдирүү эркиндигине каршы багытталган катаал чараларды документтештирүү, ага катар мунун баары адамдардын ой-пикир билдирүү, жыйналуу жана биригүү укугун абдан эле чектегенине алып келген жолду аныктоого аракеттендик.

Эл аралык Мунапыс өз баяндамасында жарандардын жыйналуу укугуна 2012-жылдын июнь айынан тарта киргизилген чектөөлөргө көңүл бурат.

Орусиянын коомдук жыйындар боюнча былтыр жайда өзгөртүлгөн мыйзамы митинг-демонстрацияларды өткөрүүгө уруксат алууну кыйла татаалдаштырган эле.

Ошондой эле санкция берилбеген митинг- демонстрацияларды уюштургандар менен катышкандарга салынчу акчалай айып пулдун өлчөмү бир нече эсе көбөйтүлгөн.

"Биздин баяндамада мыйзамдар боюнча бир катар сунуштар бар. Жыйындар боюнча мыйзам адам укуктарынын эл аралык стандарттарына ылайык өзгөртүлүүсү керектиги айныксыз. Мыйзам, кандай себеп болбосун тынч демонстрацияларга жол бериши абзел" - дейт Жон Далхуйсен.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун баяндамасында болсо орус бийлигинин жарандык коомго каршы багытталган мыйзамдарына жана ишмердигине көңүл бурулган. Анткени Орусиянын жаңы мыйзамы чет мамлекеттерден каржы алган бейөкмөт уюмдардын баарын “чет элдик агенттер” катары кайра каттоодон өтүүсүн талап кылган.

"Хьюман Райтс Уотчтун" Москвадагы бюросунун директорунун орун басары Таня Локшина “Азаттык” радиосу менен маегинде:

- Орусияда “чет элдик агент” дегендин жалгыз эле мааниси бар. Бул чет элдик тыңчы дегенди туюндурат. Андыктан мыйзам бейөкмөт уюмдарды коомчулук алдында каралоого, маргиналдаштырууга багытталгандай. Биз бүгүн Орусияда күбө болгондой, жарандык коомду ушунчалык кысмактоо болгон эмес. Бул Путин Кремлге кайткандан кийин башталды.

Путин болсо бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдүн күчтөлүшүн - чет өлкөдөн каржылаган уюмдарды ички саясатка аралаштырбоо деп түшүндүрүп келүүдө.

Орус президенти ушул айдын башында Германияга барган кезинде немец канцлери Ангела Меркелдин камтамачылыгын жана журналисттердин суроолорун комментарийлеп:

- Биздин аракеттердин баары тыюу салуу же жабуу эмес, Орусиянын ичинде саясий ишмердик менен алектенген бейөкмөт уюмдарга сырттан келген акча агымын көзөмөлдөө менен байланыштуу. Ал цифраларды дагы бир жолу айтып кетейин. Тиешелүү мыйзам кабыл алынган төрт ай ичинде, бул уюмдардын эсебине чет өлкөдөн 28 миллиард 300 миллион рубль түшкөн. Бул дээрлик бир миллиард доллар. Бул суроо жаратпай койбойт. Биздин коом бул акча кайдан жана эмне максатта түшүп жатканын билүүгө укуктуу.

Жаңы мыйзамдын талаптарына ылайык жыл башынан бери Орусияда 200дөн ашуун бейөкмөт уюм укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө кабылган.

Алардын бири Орусияда 2011-жылдын декабрындагы парламенттик,
2012-жылдын мартындагы президенттик шайлоолордогу укук бузууларды, бурмалоолорду документтештирген – “Голос” ассоциациясы.

"Хьюман Райтс Уотчтун" баяндамасында Орусиянын жаңы мыйзамдары жана бейөкмөт уюмдарды текшерүүсү өлкө эл аралык келишимдердин алкагында алган милдеттенмелерге каршы келээрин, эл аралык өнөктөштөр бул маселени Москвага такай эскертип туруусу зарылдыгын белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG