Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Интернеттеги экстремизмге каршы күрөш


АКШнын ири төрт технологиялык компаниясы терроризмди пропагандалаган маалыматтардын жайылышына каршы биргелешип чара көрүү тууралуу макулдашты.

5-декабрда YouTube, Facebook, Twitter жана Microsoft орток база түзүп, экстремисттик мазмундагы макала, сүрөт, видео жөнүндө маалымат бөлүшүп туруу ниетин билдиришти. Интернет ресурстарда жарык көргөн андай үгүт материалдар өчүрүлүп турмакчы.

Маалымат базасында макала, жазуулар, сүрөттөр жана видеолор санариптик вариантта сакталып турат.

Сөз болгон интернет булактардын бирине ошол материалдар жүктөлгөндө базадагы маалымат менен салыштырылып, экстремисттик мазмундагы материалга дал келсе дароо компанияга эскертүү жөнөтүлөт жана ал каралып чыккандан кийин алынышы мүмкүн.

Ал база эмки жылы иштей баштамакчы жана жогорудагы төрт компанияга башкалар да кошулушу ыктымал.

“Мындай кызматташтык интернетте террорчул мазмундагы материалдардын жайылышына каршы күрөштү эффективдүү кылууга жардамдашарына ишенебиз”, - дейт Facebook түйүнүндө жарыяланган билдирүүдө.

Ал эми Твиттердин расмий өкүлү “терроризмди даңазалаган материалдарга биздин сайттарыбызда орун жок” деп жазды.

Социалдык тармактар акыркы бир нече жылда “Ислам мамлекети” радикал уюмунун катарын толуктаган, өзгөчө жаштарды жалдоонун булагына айланып калды. Айрым учурларда экстремисттердин үгүттөөлөрү, кол салууларды ишке ашырууга чакырган кайрылуулары кеңири жайылып кетүүдө.

Кыргызстандык эксперт Канат Мурзахалилов бул саамалык ишке ашса, террорчулукка бөгөт коюуга чоң жардам болот деген ойдо:

- Социалдык желелерде “интернет-имам” деген түшүнүк пайда болуп, ар түрдүү видео роликтер аркылуу жаштардын радикалдык, террордук уюмдарга тартылуусуна, аларды Жакынкы Чыгышка согушка, ИМ экстремисттик уюмунун катарына кошулуусуна шарт түзүүдө. Кыргызстанда да ошол интернетти колдонгон жарандар көп.

Батыш өкмөттөрү жогорку технологиялар тармагында иштеген компанияларга экстремисттик мазмундагы материалдарды чектөөнү талап кылып келатышат. Ал эми мазмунду анализдеп туруу үчүн ири ресурстар сарпталат.

YouTube жана Facebook экстремисттик материалдарды автоматтык түрдө алып салууну баштаган. Бирок көпчүлүк сайттар мурдагыдай эле шектүү макала-сүрөттөрдү аныктоодо өз кардарларына ишенет. Башкача айтканда, кайсы бир кардардан эскертүү түшсө, кийин алар редакторлор тарабынан текшерилет.

Мисалы, быйыл февралдан августка чейин Твиттердеги 235 электрондук дарекке бөгөт коюлган. Компания ошондой эле экстремисттик мазмундагы материалдарды аныктоо менен алектенген кызматкерлерин көбөйттү.

Канат Мурзахилилов болсо социалдык тармактар менен катар интернет коопсуздугун камсыздоодо эң биринчи кезекте мамлекет чара көрүүгө тийиш дейт:

- Компаниялар көзөмөлдөгөнү менен мамлекеттин ичинде түрдүү интернет провайдерлер экстремисттик, террористтик, башка терс агымдардын иш-чараларын пропагандалоого каршы иш жүргүзбөсө, анда жарандарыбыз согуштук аракеттерге катышып, радикал уюмдарга кошулуп кетпейт деген кепилдикти эч ким бере албайт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG