Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Иран боюнча сүйлөшүүлөр чечүүчү баскычка кирди


Ирандын бул Арак өзөктүк жайындагы реактордун болочогу Тегеран менен алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселелердин бири.
Ирандын бул Арак өзөктүк жайындагы реактордун болочогу Тегеран менен алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселелердин бири.

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн чечүүчү баскычы өтүп жатат. Бул программа боюнча талаш башталганына быйыл он эки жылдын жүзү болду.

Буга чейин мерчемделгендей, Тегеран жана дүйнөнүн алты державасы Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча узак мөөнөттүү макулдашууга 24-ноябрга карата жетишүүсү керек. Бирок бул мөөнөт ордунда калабы же жокпу азырынча беймаалым болуп турат.

Венадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын болжолдоодон учурда Лондондо жүргөн АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри да баш тартты. Керри британ борборунан кийин Парижде консультацияларды өткөрүп, сүйлөшүүлөргө апта соңунда келип кошулары күтүлүүдө.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 18-ноябрда жанданган сүйлөшүүлөр алдында тараптар макулдашууга жетишүүсү “мүмкүндүгүн” жокко чыгарбады. Ошол эле учурда ал эгер сүйлөшүү майнапсыз аяктаса, бул алты держава: АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусиянын күнөөсүнөн - алар Тегерандан өтө эле көп нерсени сураганынан улам болорун ишара кылды.

Иран дипломатиясынын башчысы он күн мурда кабарчылар менен маегинде талаштуу жагдайлар катары төмөнкүлөрдү атаган:

- Менимче, чечүүнү талап кылган эң башкы маселелер -уран байытуу жана санкциялар. Батыш санкциялар бул маселени чечүүгө такыр салым кошпогонун түшүнгөнү маанилүү. Санкциялар чечимге эмес, проблемаларга алып барууда. Бул табиятынан мыйзамсыз иш жана жоюлушу керек. Алар оң натыйжа бербеди. Санкциялардан Батыштын тапканы 19 миң центрифуга болду.

Маалыматтарга караганда, Иранда энергия өндүргөн өзөктүк реакторлордо отун иретинде колдонулуучу, ошондой эле өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат - уранды байытуу ишиндеги маанилүү жабдуу саналган центрифугалардан 20 миңдей даана бар. Иран бул көлөмдү сактап калгысы келсе, Батыш өлкөлөрү ал кыйлага кыскартылышын талап кылып жүрөт.

Центрифугалардын санынын кыскарышы өз кезегинде Ирандын уран байытуу кубатын басаңдатып, байытылуучу урандын көлөмүн да азайтмакчы.

Иран центрифугаларын Батыш өлкөлөрү каалагандай санда азайткысы келбейт.
Иран центрифугаларын Батыш өлкөлөрү каалагандай санда азайткысы келбейт.

Тегеран болсо байытылган уранга Бушер АЭСинде жана болочокто Орусия жардамы менен курулуучу реакторлору үчүн отун катары муктаж экенин айтат.

Батыш мамлекеттери Иран ал байытып алган уранын өзөктүк бомба жасоодо колдонобу деп шектенет.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жакындагы телеинтервьюсунда буларды белгилеген:

- Иран үчүн азыр бомбаны алуунун төрт жолу бар. Бул тоолордо жашырылган Фордо деген жайы, уран байытуучу Натанз заводу, плутоний өндүрүүчү жана оор сууда иштеген Арак реактору жана мындан сырткаркы жашыруун иштер. Максатыбыз катары биз ушул жолдордун баарын жабууну убада кылганбыз.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө тараптар Иран байытылган уранын өзөктүк курал жасоодо колдонбой турганынын кепили катары аны Орусияда сактоо жагын карашкан. Бирок Батыш дипломаттары алар буга макул болгон күндө да Иран центрифугаларынын санын азайтуусу керектигин билдиришкен.

АКШ, Еврошаркет жана Бириккен Улуттар Уюму Иранга каршы бир катар санкцияларды киргизген эле. Тегеран менен АКШ, Еврошаркет ортосунда Ирандын экономикасына олуттуу сокку урган ал санкциялардын жоюлуш мөөнөтү, ыргагы боюнча да пикир келишпестик бар.

Иран санкциялар дароо жокко чыгарылуусун жактаса, экинчи тарап ал жетишилген макулдашуулардын аткарылуусуна жараша баскыч-баскыч менен алынуусу керек деген турумда.

АКШ мамлекеттик катчысы “чечүүчү апта” деп атаган сүйлөшүүлөр тараптардын турумундагы ушундай ажырымдардын шартында өтүүдө.

Иран менен алты держава ортосунда азыр утурумдук гана макулдашуу бар. Алар узак мөөнөткө эсептелген келишим түзүлүүчү мөөнөт катары алгач быйылкы жылдын 20-июлун мерчемдешкен. Бирок макулдашуу жетишилбей калган соң кийинки мөөнөт катары 24-ноябрь коюлган.

Бирок баяндамачылардын пикиринде, узак мөөнөттүү макулдашуу келерки дүйшөмбүгө даяр болушу да арсар.

Эң жакшы дегенде алты держава жана Иран болочок келишимдин жалпы багыттарын гана макулдашуусу мүмкүн. Ал эми анын чоо-жайын тактоо иштери кеминде дагы бир нече айды талап кылат. Ирандын өзөктүк программасы боюнча талаш башталганына быйыл он эки жылдын жүзү болду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG