Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Иран боюнча оболу саясий келишим түзүлөт


АКШнын мамкатчысы Жон Керри, Британ тышкы иштер министри Филип Хаммонд, Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф жана Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер. Венадагы жолугушууда. 24-ноябрь, 2014-жыл

АКШнын мамкатчысы Жон Керри, Британ тышкы иштер министри Филип Хаммонд, Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф жана Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер. Венадагы жолугушууда. 24-ноябрь, 2014-жыл

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү мөөнөтү 2015-жылдын июлуна чейин узартылды.

Ага тартылган тараптар кечээ (24-ноябрда) Венада макулдашуу түзө албай койгон соң мына ушундай тыянакка келишти. Айрым талдоочулар сүйлөшүү мөөнөтүнүн узарышы эле келишимге жеткиреринен күмөн санашат.

Сүйлөшүүнүн Венадагы акыркы айлампасы алты күнгө созулуп, Австрияда кечээ ага тартылган алты мамлекеттин: АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытайдын тышкы иштер министрлери чогулган эле.

24-ноябрь макулдашуу түзүү үчүн мурда мерчемделген мөөнөттүн акыркы күнү болчу. Бирок сүйлөшүүнүн мөөнөтү эми кайрадан узартылды. Бул ирет тараптар 2015-жылдын 1-мартына дейре саясий, ал эми 1-июлга карата негизги келишимди түзө турган болуп тарашты.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Венадагы басма сөз жыйында:

- Бул сүйлөшүүлөр мөөнөттү узартып койсо эле жеңил боло албайт. Алар оор болду жана татаал бойдон калат. Биз реалдуу жана олуттуу прогресске жетиштик. Жаңы идеялар чыккандыктан алты өлкө жана Иран сүйлөшүүнү дагы жети айга, анын төрт айында саясий макулдашуу түзүү максаты менен узарттык. Али мунаса табылбаган айрым маанилүү маселелер бар, алар иштелип чыгуусу абзел. Баса белгилеп кетким келет, баарын камтыган макулдашууну көздөй сүйлөшүү уланып жатканына карабай, бир жыл мурдагыга салыштырмалуу дүйнө коопсуз болуп калды.

Жон Керри сүйлөшүүлөр уланып жаткан шартта Иранга санкциялар жагынан эч жеңилдик болбой турганын кошумчалады.

Британ тышкы иштер министри Филлип Хаммондун айтымында, буга чейинки утурумдук макулдашуунун шарттарына ылайык, Иран тоңдурулган банк эсептеринен айына эң көп дегенде 700 милллион доллардан гана пайдаланууну уланта алат.

Марк Фитцпатрик - Стратегиялык иликтөөлөр боюнча Лондондогу институттун талдоочусу. Ал “Азаттык” радиосу менен маегинде Венадагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгын төмөнкүчө баалады:

- Алар пикир келишпестикти соңку он эки айда жөнгөрө албай койгонун эске алганда, алдыдагы жети ай муну жеңил кылып жибербейт. Бирок мөөнөттүн узарышы келишимге жетүү келечегин, дипломатияны сактайт. Азырынча, Ирандын программасынын, санкциялардын чектелип турганы мунун альтернативасына караганда эки жак үчүн тең пайдалуу. Андыктан бул эң жакшы экинчи чечим болду.

Кечээ Австрия борборунан түшкөн кабарларда башкы пикир келишпестик Ирандын уран байытуу программасынын көлөмүнө жана масштабына барып такалып жатканы айтылган.

Иран президенти Хаcан Роухани кечээ кечинде мамлекеттик теледеги интервьюсунда Тегеран уран байытуудан баш тартпай турганын убада кылды:

Роухани мамлекеттик телеге интервью берүүдө. Тегеран, 24-ноябрь, 2014-жыл.

Роухани мамлекеттик телеге интервью берүүдө. Тегеран, 24-ноябрь, 2014-жыл.

- Биз сүйлөшүүлөрдө башынан эле эки максатты көздөгөнбүз. Биринчиси - өзөктүк технологияны сактоо, экинчиси - санкцияларды жоюу. Мен Иран элине центифугалардын айлануусу эч убакта токтобой турганын убада кылам. Ошол эле учурда калктын жашоосу да күндөн-күнгө жакшыруусу керек.

Иран президенти айткан центифугалар - уран байытуучу жабдуу. Байытылган уран энергия өндүрүүчү өзөктүк реактордо отун катары, ошол эле учурда жогорку деңгээлде байытылса өзөктүк бомба жасоодо да колдонулуучу зат.

Ирандын ырастоосунда, ал байытылган уранга энергия алуу үчүн муктаж, Батыш өлкөлөрүндө болсо Тегеран байытылган уранды өзөктүк бомба жасоо үчүн керектейби деген шектенүү бар.

Иранда уран байытуучу центрифугалардан кеминде 19 миң даана бар.

Иранда уран байытуучу центрифугалардан кеминде 19 миң даана бар.

Сьюзан Малони - Вашингтондогу Брукингс институтунун Иран боюнча талдоочусу. Ал “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде олуттуу пикир келишпестиктер алдыдагы жети ай ичинде жөнгөрүлүшүнөн күмөн санады:

- Менимче, кошумча убакыт Конгрессте эле эмес, санкциялар режиминин туруктуулугу маселесинде да тоскоолдуктарды жаратат. Эгер эки тарап үчүн тең жарактуу формула болсо, бул азыр эле иштелип чыкмак. Кошумча убакыт эле эки жактын ортосундагы фундаменталдык айырмачылыктарды жеңе алары мага анык эмес.

Эки ортодо санкциялар боюнча да пикир келишпестик бар.

Тегерандын көз карашында, туруктуу макулдашуунун алкагында Иранга каршы буга чейин киргизилген санкциялар дароо жана биротоло жоюлушу керек.

АКШ баштаган Батыш мамлекеттери болсо, санкциялар жетишилген макулдашуулардын аткарылуусуна жараша баскыч-баскыч менен алынуусу керек деп эсептешет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG