Президент Сержо Матаррелла жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөт башчынын милдетин аткарып турууну ага 7-декабрда тапшырды.
8-декабрдан тарта президент саясий партиялар менен жаңы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Маттео Ренци 4-декабрдагы референдум жыйынтыгынан кийин кызматтан кетерин билдирген. Анткени анда анын Сенаттын жана жергиликтүү бийликтердин ыйгарым-укуктарын чектөө боюнча Конституцияны өзгөртүү демилгеси колдоо тапкан эмес.
Ренци 5-декабрда эле кызматтан бошотуу арызын президентке тапшырууга барган, бирок президент өлкө бюджети кабыл алынганга чейин токтой турууну сунуштаган. 7-декабрда Сенат бюджетти кабыл алды. (AiT)