Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Ирак Ирандан курал сатып алабы?


Иракта полицияда кызмат кылган аялдар курал атууну үйрөнүп жатышат. 20-февраль, 2014-жыл.
Иракта полицияда кызмат кылган аялдар курал атууну үйрөнүп жатышат. 20-февраль, 2014-жыл.

Кошмо Штаттары Ирак өкмөтү Ирандан курал алыптыр деген маалыматка камтама болууда. Ирак болжолу АКШдан керектүү куралды өз убагында ала албаган соң, Иранга кайрылган шекилдүү. Ошол эле убакта Иран "курал саткан эмеспиз" деп танып жатат.

Иран Иракка дээрлик 200 миллион долларга чукул суммага курал, ок-дары сатуу тууралуу келишимге кол койгон. Бул тууралуу жазган Рейтердин кабарлашынча, макулдашуу ноябрь айында жетишилген.

Андан бир апта мурда Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики Вашингтондо болуп, президент Обаманын администрациясынан "ал-Каида" менен алакалаш согушкерлерге каршы күрөшкө кошумча курал сураган эле.

Ал эми ушул шейшембиде Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибари Иран өкмөтүнүн мартабалуу өкүлдөрү менен сүйлөшкөнү Тегеранга баратат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псаки дүйшөмбүдө Рейтердин маалыматынан кабардар экендигин, жана эгер бул чын болсо, мындай соода олуттуу тынчсызданууну жаратарын билдирди:

- Биз албетте (Рейтер ачыктаган) документтерди көрдүк, эгер чын болсо, мындай келишим олуттуу тынчсыздануу туудурат. Ирандан үчүнчү өлкөгө курал жиберүү БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1747-резолюциясын бузгандыкка жатат. Биз Ирактын өкмөтүнөн түшүндүрмө сурап жатабыз. Ирандын курал соодасы эл аралык мыйзам тарабынан чектелгенин Ирактын расмий өкүлдөрү түшүнүүсү керек.

Вашингтондо айрымдар Иранга улам ымалаш болуп бараткан Иракка америкалык жогорку технологиялык курал берүүгө анчалык көңүлдөнүшпөйт.

Ирак парламентинин бир нече мүчөсү премьер-министр Малики АКШдан курал алуу улам кечиге бергендиктен, акыры Иран менен келишим түзүүгө аргасыз болгондугун айтышты.

Ирак премьеринин маалымат катчысы мындай келишимге кол коюлганын бышыктап, же четке каккан жок. Бирок Ирактагы учурдагы кырдаалдан алганда, мындай сооданы түшүнүү кыйын эмес экендигин кыйытты.

«Биз терроризмге каршы согуш ачып жатабыз. Биз бул согушта уткубуз келет. Бизге башка бир жактардан курал алуубузга эч нерсе тоскоолдук боло албайт», - деди маалымат катчы Али Муссави.

Ирандын өкмөтү бирок мындай келишим тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айтып, колун жайды. Эгер тастыкталса, ал шииттердин Ираны менен Ирактын шииттер үстөмдүк кылган өкмөтүнүн ортосундагы алгачкы расмий курал келишими болуп калмакчы. Мындай соода Кошмо Штаттары Ирактан аскерин чыгаргандан берки эки жыл ичинде эки өлкө канчалык ымалашып кеткендигин да айгинелемекчи.

Ал эми Вашингтондо АКШнын расмий өкүлдөрүнүн бири белгилегендей, мындай келишим Ирандын эл аралык санкциялардан кутулуу далалатына шек келтирмекчи.

XS
SM
MD
LG