Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

МАГАТЭнин жаңы баяндамасы Иранды жарга такайбы?


Иран ракетасын сынап жаткан учур. 2009-жылы тартылган сүрөт.
Иран ракетасын сынап жаткан учур. 2009-жылы тартылган сүрөт.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ уюмунун көптөн бери күтүлгөн жаңы баяндамасында Иран өзөктүк куралдын моделин түзүп, мындай куралды өнүктүрүү менен байланышкан изилдөөлөрдү өткөргөнү айтылат.

Тегеран болсо Батышта ал өзөктүк курал жасап жаткандыгын күбөлөндүргөн далилдер жок деп ырастоодо.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Иран өзөктүк курал боюнча кубатын жашыруун өрчүтүп жатканы боюнча жаңы далилдерди берерин буга чейин басма сөзгө чыгып кеткен маалыматтар ишара кылган.

Көптөн күтүлгөн баяндаманын кечээ кечинде “Ассошейтед Пресс”, “Франс Пресс”, “Рейтер” жана “Дойче Пресс” агенттиктери шилтеме жасаган көчүрмөсүндө айтылгандай, маалыматтар Иран жарыла турган өзөктүк жабдууларды өнүктүрүү менен байланышкан иш-чараларды өткөргөндүгүн күбөлөндүрүүдө. Бул МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасын курал өндүрүүгө байланыштырган алгачкы учур.

Баяндамада белгиленгендей, Ирандын жашыруун өзөктүк долбоорлорунун кай бирлери тынчтык максатта колдонулуусу мүмкүн, башкалары өзөктүк курал үчүн мүнөздүү. Ошондой эле курал менен байланышкан мындай ишмердик улантыла алат.

Баяндаманын он үч беттен турган тиркемеси МАГАТЭнин жыйынтык чыгарууга алып барган иликтөөлөрү боюнча кеңири маалыматтарды камтыйт. Бул документтин “Ассошейтед Пресс” алган көчүрмөсүндө “Тегеран өзөктүк курал жаратуу багытындагы изилдөөлөрдүн, анын ичинде ракеталарга дүрмөт орнотуунун бардык аспектилери үстүндө иштеп жатканы” көрсөтүлгөн.

Тегеран шек санайт

Жаңы баяндамага карата Иран тараптан тикелей реакция боло элек, бирок ал жарыяланардан бир нече саат мурда эле президент Махмуд Ахмадинежад мамлекеттик сыналгыдан сүйлөгөн учурунда Батышты жана МАГАТЭнин жетекчиси, жапон дипломаты Юкио Аманону айыптап өткөн:

- Мен алар Атом энергетикасы боюнча агенттиктин башына өзүнө-өзү бийлик кыла албаган адамды отургузуп койгонуна өкүнөм. Атүгүл ал агенттиктин эрежелерин бузууда. Кээ бир документтер ага америкалыктар тарабынан жазылып, тапшырылган. Ал жөн гана келип, учурунда баарын айтып берет. Ал Америка жана анын достору жөнүндө баяндамасын жарыялоосу керек.

Махмуд Ахмадинежад Иран өзөктүк курал жасоого тартылган жок деген мурдагы ырастоолорун кайра кайталады жана өлкөсү тынчтык мүнөздөгү өзөктүк ишмердигинен баш тартпай турганын белгиледи. Иран президенти ага катар бул ирет өлкөсүнүн өзөктүк программа үчүн бюджети жылына 270 миллион доллар экендигин ачыктады. Мындай цифралар адатта ирандык расмий өкүлдөр тарабынан сейрек айтылат.

Президент Махмуд Ахмадинежадга чейин кечээ Армения борбору Ереванда иш сапары менен болгон кезинде Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи өлкөсүнүн дарегине негизи жок айыптарды такпоого чакырган.

Салехи эгер МАГАТЭнин баяндамасы негизсиз айыптоолорду камтый турган болсо, эл аралык уюмдун бейтараптуулугу жөнүндө маселе чыгарын эскерткен:

- Иран өзөктүк программасына байланыштуу кандайдыр бир ишенимдүү далилдерсиз эле кысым астында дээрлик он жылдан бери келе жатат. Мен ислам республикасынын МАГАТЭдеги туруктуу өкүлү катары иштегем. Мындан сырткары мен өз өлкөмдүн Атомдук энергетика боюнча агенттигинин башчысы да болгом. Ирандын өзөктүк программасы бардык маселелерди, анын чоо-жайын билем. Белгилеп кетким келет, Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы талаш-тартыштар техникалык же укуктук эмес, саясий гана маселе болуп эсептелет.

Ал эми АКШдан Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы МАГАТЭнин жаңы баяндамасына ал окулуп чыккандан кийин гана комментарий берилерин билдирди.

Мурдараак Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни 7-ноябрдагы басма сөз жыйында Вашингтон баяндама Ирандын өзөктүк программасы боюнча алардын буга чейин эле айтып келген камтамачылыктарын бекемдейт деп күтүп жатканын белгилеген:

- Мен али жарыялана элек баяндамадан озуп кетким келбейт. Мен айта ала турган нерсе - биз ал Ирандын жүрүм-туруму жана ал эл аралык милдеттемелерин аткара албагандыгы боюнча айтып келгендерибизди колдоп, аны бекемдейт деп күтөбүз. Менин ишенимимде баяндама Ирандын өзөктүк программасы боюнча биздин тынчсыздануубузду бөлүшөт.

Орусия сынга алды

Орусия МАГАТЭнин баяндамасы жарыяланышын дароо сынга алды. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин пикиринде, мындай жагдай Ирандын өзөктүк программасына байланышкан тирешүүнү дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирет.

Мунун алдында орус бийликтери Иранга сокку уруу - бүткүл Жакынкы Чыгышты дестабилдештирерин эскертишкен. Орус президенти Дмитрий Медведев кечээ Германияда жүргөн жеринен жогорудагыдай билдирүүлөрдү айыптады:

- Менин Ирандын жетекчилиги менен соңку байланыштарымда жетекчилер, анын ичинде Ирандын президенти зарыл болгон далилдерди берүүгө, сүйлөшүүлөрдүн башка катышуучулары менен карым-катнашта болууга даярдыгын бир нече ирет айтышкан. Бирок, тилекке каршы, бул багытта жылыш жок. Ал эми Израил же башка бирөөнүн Иранга же Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн башка бирине карата күч колдонууга даярдыгы жөнүндөгү согушчан билдирүүлөргө келсек, бул абдан коркунучтуу риторика.

Израил: Бардык варианттар күн тартибинде

МАГАТЭнин жаңы баяндамасына тушташ ал Израилдин Ирандын өзөктүк жайларына аскерий сокку уруусуна алып барабы деген божомолдор жаралууда. Анткени мыктай ыктымалдуулук өсүп жатканын Израилдин жетекчилери айтышкан.

Маселен жөөт президенти Шимон Перес Иранга сокку уруу ыктымалдуулугу улам жакындап бара жаткандыгын өткөн ишембидеги маегинде айткан эле.

Ошол эле күнү жергиликтүү Hayom гезитинде жарыяланган маегинде Перес “дипломатиялык карым-катнашка караганда, Иранга аскерий сокку уруу ыктымалдуулугу абдан жогору”,- деп кошумчалган.

Бул аралыкта кечээ баяндама чыгар алдында Израилдин коргоо министри Эхуд Барак жергиликтүү радиого курган маегинде анын өлкөсү бардык ыкмаларды, анын ичинде аскерий ыкманы караштырып жатканын ишара кылды.

Ирандын улуттук армиясы
Ирандын улуттук армиясы

Баяндама Орусия менен Кытайды Иранга каршы өтө катаал санкцияларга ынандырат деп күтпөсүн айткан Эхуд Барак, анын өлкөсү дүйнөдөгү досторуна жана өзүнө бардык варианттарды күн тартибинен албоону сунуш кылууну улантып жатканын белгиледи. “Бардык варианттар үстөл үстүндө” деген сөз айкашы адатта саясатчылар тарабынан аскерий вариант да караштырылып жатканын ишара кылуу үчүн колдонулат.

Ирандын коргоо министри Ахмад Вахиди кечээ өлкөсү кандай сокку болбосун олуттуу жооп кайтара аларын айтты. Ага чейин президент Махмуд Ахмадинежад АКШ менен Израилди анын өлкөсүнүн өзөктүк жайларына сокку уруу максатында дүйнөдөн колдоо издеп жатат деп айыптаган.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран өзөктүк бомба жасоодо колдонулуучу зат уранды байытууну токтотуу жөнүндөгү талаптарды орундабаганы үчүн ага каршы буга чейин төрт ирет санкция киргизген. Акыркысы былтыр июнда кабыл алынган. Бирок Тегеран мүдөөсүнөн баш тартканы азырынча байкала элек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG