Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Венада Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф сүйлөшүү майдын ортосунда финалдык келишимге жетишүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди. Ноябрда жетишилген утурумдук келишимге ылайык, Иран уранды байытууну убактылуу токтотуп, анын ордуна эл аралык санкциялар жеңилдетилген. Алты айлык бул келишимдин мөөнөтү 20-июлда бүтөт. Ага чейин финалдык келишим түзүлүүгө тийиш. Венада 8-апрелде башталган сүйлөшүүгө Иран жана дүйнөнүн алты бакубат өлкөсү: АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Британия катышууда.

XS
SM
MD
LG