Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Өзгөн: кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлүүдө


Жер көчкү (архивдик сүрөт)
Жер көчкү (архивдик сүрөт)

Райондогу Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында 20дан ашык үй-бүлө көчкү коркунучу бар аймакта жашап жатканы белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 27-мартта жергиликтүү орто мектептин короосуна 25 чатыр тигилип, көчкү коркунучунда калган жашоочулар жашап жатышат.

Ал эми Биринчи май айылында кооптуу аймакта жайгашкан беш турак жайдын жашоочуларын көчүрүү үчүн чатырлар жиберилди.

Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү кайталанып жаткандыктан 26-мартта топурак алдында калган алты адамды издөө иштери баштала элек. (NT)

XS
SM
MD
LG