Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Европанын эмбаргосун Азия колдойбу?


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Бельгиядагы жыйыны. 23-январь, 2012-жыл.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Бельгиядагы жыйыны. 23-январь, 2012-жыл.

Евробиримдик Иранга каршы мунай эмбаргосун макулдашты. Бул Иранга каршы анын талаштуу өзөктүк программасынан улам киргизилип жаткан санкциялардын алкагындагы иш чара. Европанын жогорудагы кадамын эми Азиянын дөө-шаалары колдойбу?


Дүйшөмбүдө өткөн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында жетишилген макулдашууга ылайык, Ирандан чийки мунай жана мунайзат продуктуларын сатып алуу боюнча жаңы контракттарды түзүүгө дароо тыюу салынат. Ал эми учурда иштеп жаткан келишимдер 1-июлга чейин сакталат.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг мунай эмбаргосун “буга чейин болуп көрбөгөн санкция” катары мүнөздөө менен төмөнкүлөрдү белгиледи:

-Менимче бул Евробиримдиктин жана эл аралык коомчулуктун ушул маселе боюнча чечкиндүүлүгүн көргөзүп турат. Ал Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларын бузууну улантып, өзөктүк программасы боюнча конструктивдүү сүйлөшүүдөн баш тартып жатканынан улам муну жасоого толук укуктуу.

Брюсселдеги жыйындын резолюциясында Иран менен “мыйзамдуу соода катаал шарттарда уланаалары” айтылганы менен бул Тегерандын Борбордук банкы менен аласа-бересени чектөө да макулдашылды. Алтын, алмаз жана башка баалуу металлдар менен сооданы токтотуу жагы да сүйлөшүлдү.

Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун айтымында, бул чаралар Иранды эл аралык коомчулук менен сүйлөшүүгө кайтууга мажбурлоону көздөйт:



-Санкциялар максат эмес. Мен такай айтып келгендей, бул - Иран сүйлөшүү столуна кайтуусу үчүн кысым көргөзүүгө багытталган эки жактуу мамиленин бир бөлүгү.



Брюсселдин чарасын Израилдин өкмөтү “туура кадам” катары кызуу колдосо, Орусия “натыйжасыз” чара деп мүнөздөдү. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, “бир тараптуу санкциялар маселелерди чечүүгө көмөктөшпөйт”.

Министр Лавров Москва Ирандын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү менен Германиянын сүйлөшүүлөрүн жандандырууну көздөөрүн кошумчалады. Иран менен алтылыктын сүйлөшүүлөрү бир жылдан бери токтоп турат.

Иран парламентиндеги энергетика комиссиясынын мүчөсү Али Абдаянинин айтымында, Еврошаркеттин мунай санкциясы өлкө экономикасына “эч таасир тийгизе албайт”.

Ирандын мунай экспортунда Азиянын үлүшү чоң

Тегеран эл аралык базарга күнүнө 2,6 миллион баррелден ашуун мунай чыгарат. Анын бештен бир бөлүгүн Евробримдик өлкөлөрүнө сатып келсе, жарымынан көбүн же 53 пайызын Азиянын дөө-шаалары катары эсептелген Кытай, Жапония, Индия, Түштүк Корея алат. Андыктан байкоочулардын пикиринде, эмбаргого Азия өлкөлөрү кошулса гана бюджет кирешесинин жарымына жакынын мунай экспортунан чогулткан Ирандын режиминде кооптонуу пайда болушу мүмкүн.


Кытай Ирандын мунай соодасы боюнча башкы өнөгү.
Кытай Ирандын мунай соодасы боюнча башкы өнөгү.

АКШ менен Евробиримдик азыр Азия өлкөлөрүн да Ирандан мунай сатып алууну азайтууга ынандыруунун үстүндө иштөөдө. Жагдай алар тарабынан берилген убадаларга эмес, анын иш жүзүнө кандай ашаарына жараша болчудай.




Middle East Economic Survey иликтөө уюмунун талдоочусу Дэвид Ноттун айтымында, Ирандын мунай жагынан эң ири соода өнөгү Кытайды буга көндүрүү кыйынга турат:

-Өзгөчө Кытайдын Иран менен соода байланыштары кубаттанып, чыңдалууда. АКШнын жана эл аралык санкциялар күчөгөнүнө байланыштуу Батыш дүйнөсү Ирандан кетип жаткан кезде, Кытай буга анчалык байланбайт.

Кытай Ирандан күнүнө 543 миң баррель мунай сатып алып же муктаждыгынын 10% жапкандан тышкары бул өлкөнүн мунай –газ кендерин иштетүү боюнча долбоорлорго катышууда.

Ал эми муктаждыгынын 11% Ирандын эсебинен жапкан же күнүнө 341 миң баррель сатып алган Индия азырынча бул соодадан баш тартаарын ишара кыла элек.

АКШнын жакынкы өнөктөшү – Жапония мунайга болгон муктаждыгынын 6% же күнүнө 251 миң баррель кара майды Ирандан алат. Ал дагы Иран мунайынан дароо баш тарта албайт өңдөнөт. Ай башында өлкөнүн каржы министри Токио санкцияларга кошулуусу ыктымал экендигин айтканы менен башка расмий өкүлдөр чечим азырынча жоктугун ишара кылышты.

Ирандан керектүү мунайынын 7,5% алган же күнүнө 239 миң баррель ташыган Түштүк Корея башка булакты тез таба коюу татаал экендигин билдирген.

Энергетикалык коопсуздугун башкы соода өнөктөшү –АКШдан ажырабастан камсыздоого умтулган Сеул мунаса табуу үчүн Вашингтон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Ирандын Азиядагы керектөөчүлөрүн башка багытка буруу үчүн бир топ аракет жана убакыт талап кылаарын көргөзүүдө. Эң эле ыктымал альтернатива – Сауд Аравия. Ал өткөн аптада Иранга киргизилген санкциялардан улам дүйнөлүк мунай базарда кандайдыр бир боштук жарыяланса, аны толтурууга даяр экендигин ырастады.

Иран мурдараак эгер ага каршы жаңы санкциялар киргизилсе, Перси булуңундагы Ормуз кысыгын жаба тургандыгын айтып коркуткан. АКШ буга жол бербесин эскерткен. Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай экспорттун 20 пайызы ташылат.


АКШнын "Аврам Линкольн" кемеси Иран жабарын эскерткен Ормуз кысыгынан жакында өткөн.
АКШнын "Аврам Линкольн" кемеси Иран жабарын эскерткен Ормуз кысыгынан жакында өткөн.

Кошмо Штаттар ушул күндөрү Ормуз кысыгы аркылуу учак салып жүрүүчү “Аврам Линкольн” кемеси эч инцидентсиз өткөнүн билдирди. Британ коргоо министрлигинин айтымында, бул саякатта АКШ кемесин британ жана француз кемелери коштоп жүргөн.



Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастаса, Батыш өлкөлөрү жана эл аралык расмий өкүлдөр Тегеран өзөктүк курал жасоону максат кылат деп кооптонушат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG