Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Ошто милиция кызматкерин өлтүрүп кетишти


23-март күнү Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная кѳчѳсүндѳ жолдун боюнда токтоп турган кѳк түстѳгү «Митсибуси» үлгүсүндѳгү автомашинанын ичинен 1973-жылы туулган, ИИМдин мыйзамсыз маңзаттарды жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча башкармалыгынын тескѳѳчү-коменданты милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун киши колдуу болуп ѳлгѳн денеси табылган.

Алгачкы тергѳѳнүн маалыматына караганда кызматкер башынын арткы тарабына оор нерсе менен урулган соккудан каза болгон. Маркум 21-март күнү үйдѳн чыгып кеткен боюнча келген эмес.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Адам ѳлтүрүү беренеси менен иш козголуп, тергѳѳ иштерин ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрѳшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгы жүргүзүүдѳ. Кылмыштын бетин ачуу боюнча тажрыйбалуу оперативдүү кызматкерлерден түзүлгѳн топ бир нече версиялар боюнча иштеп жатат.

Милиция кызматкеринин өлтүрүлүшү Ошто мындан төрт жыл мурда да орун алган. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди 2013-жылы үйүнүн жанында атып кетишкен. (ErN)


XS
SM
MD
LG