Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Атамбаев: Чоңдор колчатырын жардамчыга карматуудан коркуп калды


Нурлан Сулайманкулов
Нурлан Сулайманкулов

Кыргызстанда чоңдор колчатырын жардамчысына карматкандан коркуп калды. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Мамлекет башчы өлкөдө жарандык коомдун көзөмөлү күчөгөнүн жакшы белги деп атады:

- Ар ким өз салымын кошуш керек. Жазында катардагы студент баштаган "Түкүрбө!" акциясы абдан жакшы натыйжа берди. Социалдык түйүндөрдө жаштар семичке чаккандарга каршы иш жүргүзүштү. Азыр бир да аткаминер колчатырын жардамчысына карматпай калды. Бизде жарандык коом өтө күчтүү. Бийлик жана чоңдор алардын айтканын угуп, коркуп жатканы эң жакшы, - деди Атамбаев.

Быйыл жайында Чүй облусунун 90 жылдыгы белгиленип жатканда Бишкектин ошол кездеги прокурору Нурлан Сулайманкулов жаан жаап жатканда колчатырын жанындагы жардамчысына карматып койгон сүрөтү коомчулукта өтө чоң реакция жараткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG