Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Ирак: Фаллужа үчүн кармаш


Ирактын өкмөтчүл күчтөр Фаллужанын жанындагы ал-Сижар кыштагында. 24-май, 2016-жыл.
Ирактын өкмөтчүл күчтөр Фаллужанын жанындагы ал-Сижар кыштагында. 24-май, 2016-жыл.

Ирактын өкмөттүк күчтөрүнүн борбор Багдаддан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан бул шаарды бошотуу боюнча операциясы акыркы үч күндөн бери жүрүп жатат.

Аскерлерге жергиликтүү шиит кошуундары колдоо көргөзүүдө.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади операциянын башталышын жарыялап жатып сүйлөгөн сөзүндө Фаллужаны бошотууну “Ислам мамлекети” террордук тобунун үстүнөн дагы бир жеңиш болот деп сыпаттады:

- Фаллужаны бошотуу боюнча эсеп башталды. Жеңишибизге аз эле калды. “Даиште” (“Ислам мамлекети” тобунун арабча аты) качып кетүүдөн башка жол жок. Биз жеңишке жетүү үчүн толук чечкиндүүбүз. "Даиштин" эзүүсүнөн бошотулган башка кыштак, шаарлардай эле Фаллужа да өз элине кайтарылат.

Фаллужа - Ирактын “Ислам мамлекети” тобуна өтүп кеткен алгачкы шаары. Аны халифатчылар 2014-жылдын январь айында эле басып алган. Алар келгенге чейин 300 миңдей калк жашаган шаарда акыркы эсептерге караганда, 75 миңден 100 миңге чейинки сандагы жайкын тургун бар. Ушу тапта шаардан тургундарды "Ислам мамлекети" террордук тобу чыгарбай жатканы да кабарланууда.

Мындан улам негизинен сунниттер жашаган Фаллужага чабуул учурунда калк арасындагы жоготуунун көбөйүп кетиши Иракта диний араздашуунун күчөшүнө салым кошпойбу деген камтамачылыктар жаралды.

Иракта элдин басымдуу бөлүгүн түзгөн шииттердин руханий лидери катары саналган, улуу аятоллла да өкмөттү жана ага өнөктөш шиит кошуундарын абдан этияттык менен аракеттенүүгө үндөдү.

Операцияга тартылган күчтөр. 24-май, 2016-жыл.
Операцияга тартылган күчтөр. 24-май, 2016-жыл.

Өкмөт да адамдардын өмүрүн сактоо үчүн да колдон келген аракет жасалууда деп ырастоодо. Өкмөт өкүлү Саад ал-Хадизи "Рейтердин" кабарчысына буларды айтты:

- Биз операция башталганда эле жашоочуларга абадан баракча таштоо жана теле-радио аркылуу коопсуздук күчтөрү менен кантип кызматташуу керектигин айттык. Шаардан чыгып кете албай калгандарга өкмөттүк күчтөрдүн аба соккулары тийип калбаш үчүн үйлөрүндө калып, эшиктерине ак желек илип коюшун кабарладык. Биз ошондой эле экстремисттер чогулган жерлерге, кампаларга, башка жайларга келбөөгө да чакырып жатабыз.

Буга чейин БУУда Фаллужада калган адамдардын өмүрү тобокелдикте экенин, өкмөттүк күчтөр алардын чыгып кетиши үчүн коопсуздук коридорун түзүүсү зарылдыгын билдирген.

Фаллужаны артиллериядан атуу. 23-май, 2016-жыл.
Фаллужаны артиллериядан атуу. 23-май, 2016-жыл.

Бирок коопсуздук боюнча багдаддык талдоочу Ватик Хашиминин айтымында, Фаллужа буга чейин бошотулган жана ага коңшу Рамади шаарынан айырмаланат:

- Албетте коопсуздук күчтөрү адамдарды коопсуздук коридорлору аркылуу бошотуп кете алат. Бирок Фаллужанын Рамадиден айырмасы - бул жердеги коопсуздук коррдорлору абдан кууш. Алардын айрымдарын экстремисттер тороп салышкан. Ошол учурда экстремисттер жайкын калкты шаардын кээ бир бөлүктөрүндө тирүү калканч катары да колдонуп жатат. Бирок өкмөттүк күчтөр калк арасындагы жоготууну мүмкүн болушунча минималдаштыруу үчүн колдон келгенди жасайт.

Фаллужаны Ирактын өкмөттүк күчтөрү былтыр жыл соңунан бери курчоого алып турган.

"Ислам мамлекети" террордук тобу өлкөнүн түндүгү менен батышынан али бир катар аймактарды, анын ичинде эки ири шаар - Мосулду көзөмөлдөөдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG