Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Ирак: жаңы өкмөт ишенимге арзыйбы?


Жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. Багдад, 8-сентябрь, 2014-жыл.
Жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. Багдад, 8-сентябрь, 2014-жыл.

АКШ Иракта жаңы өкмөт курулушун кубаттады. Ага катар “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен күрөштө тыгыз кызматташтыкка чакырды.

Президент Барак Обама эртең бул маселе боюнча өз стратегиясынын чоо-жайын жарыялары күтүлүүдө. Талдоочулар өзгөчө суннит азчылыгынын ишенимин алуу Ирактын жаңы бийликтери үчүн чоң сыноо болорун айтып жатышат.

Ирактын жаңы премьер-министри Хайдар ал-Абади парламенттин өкмөт курамын бекиткен жыйынында сүйлөп жатып, алардын башкы милдеттеринин бири коопсуздукту чыңдоо экенин белгиледи:

- Биз өлкөдө курал алып жүрүүнү чектөөгө, мамлекеттин көзөмөлүнөн тыш куралдуу топтордун баарына тыюу салууга милдеттенме алабыз. Иракта мамлекеттин мерчеминен тыш куралдуу топтордун баарына, Конституцияга ылайык, тыюу салынган.

Ак үй маалымдагандай, президент Барак Обама ирактыктарды жаңы өкмөт түзүлүшү менен куттуктап, премьер Хайдар ал-Абадиге телефон чалды.

Сүйлөшүү учурунда АКШ жана Ирак “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери жараткан коркунучтарга каршы чараларды иштеп чыгуу үчүн өз ара жана эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташтыкты улантуусунун зарылдыгына токтолду.

Мамлекеттик катчы Жон Керри болсо Вашингтондон сүйлөп жатып, Ирактын жаңы өкмөтү элди бириктирерине ишеним билдирди:

- Этникалык жана диний ажырымды жеңүү менен Ирактын парламенти жаңы жана тараптардын баары камтылган өкмөттү жактырды. Бул өкмөттө чачыранды жамааттарды күчтүү жана бирдиктүү Ирак үчүн баш коштургудай, ал жамааттарга ирактыктар көздөгөн жана алар татыктуу келечекти курууга мүмкүнчүлүк бергидей потенциал бар.

Мурдагы премьер Нури ал-Малики (оңдо) үч вице-президенттин бири болду.
Мурдагы премьер Нури ал-Малики (оңдо) үч вице-президенттин бири болду.

Апрелдеги акыркы парламенттик шайлоодон бери АКШ жана башка мамлекеттер Ирактын саясатчыларына суннит азчылыгынын да колдоосун алган өкмөт түзүүсү үчүн басым көргөзүп келген эле.

​Анткени, көптөр бийликтен четтеп калган сунниттердин нааразылыгы “Ислам мамлекети” суннит экстремисттик тобунун согушкерлери өлкөнүн бир бөлүгүн тез эле басып алуусуна салым кошту деп санашат.

Лондондо жашаган ирактык журналист Камран Карадаги “Азаттык” менен маегинде ал Ирактын жаңы өкмөтүнүн курамына шииттер, сунниттер, күрттөр да киргени менен аны “улуттук биримдик өкмөтү” деп айта албасына, кайра эле суннит азчылыгынын ишенимине арзуу жаңы бийлик үчүн да чоң сыноо болоруна токтолду:

- Улуттук биримдик өкмөтү куруудагы идея - Ирактын суннит калкын канааттандыруу эле. Сунниттер “Ислам мамлекети” тобуна каршы көтөрүлүп, ага каршы чыгуусу керек эле. Алдыда мына ушундай болобу же жокпу, бул белгисиз. Мен суннит жамааттарынан өкмөттөгү адамдар биздин өкүлдөрүбүз эмес деп айткыдай бир катар аргументтер чыгарына толук ишенем. Сунниттер бир жагынан “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен, экинчи жагынан шиит кошуундарынан да коркушат. “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн аймактардагы сунниттер эгер аталган топ жеңилсе, анын ордун шиит кошуундары ээлеп албайбы деп чочушат. Бул Ирак үчүн абдан эле чалкеш кырдаал. Менимче, жаңы өкмөттүн түзүлүүсү жериндеги кырдаалды көп деле өзгөртүп жибербейт. Мурдагы өкмөттө деле шииттер да, сунниттер да, күрттөр да бар болчу. Бирок алар “Ислам мамлекети” тобунун чабуулун токтото алган жок. Кырдаалды өзгөртүүгө жардам бере алуучу жалгыз нерсе - Кошмо Штаттардын көмөгү. АКШ эгер Иракта өкүлчүлүктүү өкмөт түзүлсө, кырдаалга кийлигишүүбүздү күчөтөбүз деп айтып келбедикпи. Балким жаңы өкмөттүн түзүлүшү АКШнын көмөгүнүн көбөйүшүнө жардам берет.

Күрттөрдүн пешмерга күчтөрү, Ирактын өкмөттүк аскерлери жана шиит кошуундары АКШнын аба соккуларынын жардамы менен согушкерлерди артка сүрө алганына карабай “Ислам мамлекети” тобу али да өлкөнүн түндүгү менен батышында ири аймакты көзөмөлдөп турат.

“Ислам мамлекети” тобунун суннит эмес тайпаларга карата мыкаачылык аракеттеринен жана уруштардан улам жүз миңдеген ирактыктар үй-жайын таштап качууга аргасыз болушту.

Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери
Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери

АКШ президенти Барак Обама бул топко каршы күрөшүү боюнча өз стратегиясынын чоо-жайын шаршемби күнү ачык айтканы жатат.

Бул күрөшкө Жакынкы Чыгыштын Иордания, Сауд Арабия сындуу суннит өлкөлөрүн да тартуу үчүн Мамлекеттик катчы Жон Керри ушул аптада Амман менен Эр-Риядга жөнөөдө.

Ушундай эле максаттагы сапар менен АКШнын коргоо министри Чак Хейгел кечээ Түркияда болуп, президент Режеп Тайип Эрдоган менен кездешти.

Мурдараак “Ислам мамлекети” тобунун чет элдик согушкерлери Сирияга Түркия аркылуу өтүп жатат деген маалыматтар айтылган.

Сириянын өзүндө болсо “Ислам мамлекети” тобунун 40 миңге чейин согушкери бар деп саналат. Алар Сирияда да мыкаачылыктары үчүн айыпталган.

Каирдеги айтылуу Ал-Ахзар университетинин ректору, суннит диниятчысы, Ахмад ал-Тайиб «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлерин «кылмышкерлер» деп атады.

Шейх ал-Таибдин пикиринде, бул «кылмышкерлер» мусулмандар тууралуу дүйнөлүк коомчулукта тескери таасир калтырып жатат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG