Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Өзбекстандагы ыр сынакка катышуу үчүн Кыргызстанга чакыруу келди


Самарканд шаары. "Шарк тароналари" фестивалы ушул калаадагы "Регистан" аянтында өтөт.
Самарканд шаары. "Шарк тароналари" фестивалы ушул калаадагы "Регистан" аянтында өтөт.

Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган “Шарк тароналари” (Чыгыш обондору) эл аралык фестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга чакыруу келди. Каалоочулар Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 15-мартка чейин кайрылышы керек. Аталган мекемеден "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, фестиваль августта болот.

Өзбекстанда 20 жылга жакын убакыттан бери эки жылда бир өтүп келаткан “Шарк тароналари” сынагына буга чейин Кыргызстандан Саламат Садыкова, “Кыз-Бурак” тобу жана башка ырчылар катышкан.

Быйыл баш байгени алгандарга 10 миң доллар, биринчи орунду алган эки катышуучуга 7 миң доллардан, экинчи орунду ээлеген эки кишиге 5 миң доллардан, үчүнчү орунга жетишкен эки адамга 3 миң доллардан берилет.

Катышууну каалагандар (312) 62-34-97 номуруна, же Маалымат департаментине (312) 66-03-32 номуруна чалууга болот.

Кесипкөй музыка өнөрпоздоруна ылайыкташкан таймашты "Шарк тароналари" эл аралык музыкалык фестивалы боюнча дирекциясы өткөрөт. Катышуучулардын жол киресинен башка чыгымы дирекциянын мойнунда. (SE)

XS
SM
MD
LG